Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:32

Эл аралык комитет: Токиодогу Олимпиада жылдырылбайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токиодогу Олимп оюндарынын уюштуруучулары шаарда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал режими кирсе дагы, оюндар өткөрүлөрүн билдиришти.

Былтыр өтө турган иш-чара пандемияга байланыштуу бир жылга жылып кеткен.

Жергиликтүү басылмалар Жапонияда эмдөө жай жүрүп жатканын жазышууда.

Ал эми Токиодогу алты миң дарыгер кирген ассоциация Олимп оюндарын өткөрбөө чакырыгына кошулду. Алардын айтымында, баш калаадагы ооруканаларды бош керебеттер калбай калды.

Жапониянын 126 миллион калкынын 3,7% вакцинанын бир дозасын алышты. Бул өнүккөн мамлекеттер арасындагы эң төмөн көрсөткүч.

Эл аралык олимпиада комитетинин вице-президенти Жон Коутс 21-майда билдиргендей, таймаштар башталган маалга чейин Олимп кыштагынын жашоочуларынын 80% көбү вакцинациядан өтөт.

Коронавируска байланыштуу Жапониянын көпчүлүк бөлүгүндө, анын ичинде Токио менен Осакада ай соңуна чейин өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Asahi Shimbun басылмасынын сурамжылоосуна караганда, жапониялыктардын 80% дан көбү Олимп оюндарынын быйыл өткөрүлүшүнө каршы.

Сурамжылоого катышкандардын дээрлик жарымы таймаштардын такыр өткөрүлбөшүн каалашса, башкалары дагы бир жылга жылдырылса дешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG