Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Коронавирустан дагы сегиз киши каза болду


Бишкек шаары. 20.05.2021
Бишкек шаары. 20.05.2021

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан сегиз бейтап каза болду. Алардын алтоо Бишкекте, бирөө Нарында, дагы бири Ысык-Көл облусунда катталды. Муну менен илдеттен каза тапкандардын саны 1743 кишиге жетти.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 22-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 308 кишиден вирус жаңы аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын ичинен 332 киши сакайып чыкты.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда 102 186 киши вирус жугузуп алды. Анын 95 446сы сакайды.

Учурда 1521 киши стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 73 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Соңку күндөрү COVID-19 илдетинен көз жумгандар көбөйүп, май айынан башынан бери эле 139 бейтап жашоо менен кош айтышкан.

Кыргызстанда Кытайдын "Sinopharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий маалыматка ылайык, ушул күндөрү 65 миңден ашуун киши вакцина алды.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкекте айрым маданий мекемелер карантинге алынып, массалык иш-чараларды өткөрүүнү токтотту. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG