Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

Баткенге Калкты тейлөө кызматынын кошумча филиалдары ачылат


Баткен облусу. 2021-жыл.
Баткен облусу. 2021-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 22-майда Кадамжай шаарынын тургундары менен жолукту. Анда Кадамжай, Исфана жана Кызыл-Кыя шаарларында калкты тейлөө борборлорун ачуу чечими кабыл алынганын билдирди.

“Буга чейин Баткен шаарында гана жалгыз Калкты тейлөө борбору иш алып барчу. Аймактын тургундары үчүн тейлөө борборунун иши канчалык маанилүү экени эске алынат. Бүгүнтөн тарта Кадамжай районунун тургундарына өз аймагында тейлөө көрсөтүлөт”, - деди Марипов.

Министрлер кабинетинин башчысы жакын арада Баткен облусунун көрүнүшү өзгөрүшү керектигин белгиледи. Облуска өзгөчө макам берүү менен айылдардын ыкчам өнүгүүсүнө шарт түзүлөрүн айтты.

Ушул айдын башында Баткен облусуна өзгөчө макам берүү үчүн документ даярдалып, парламенттин тармактык комитетинде колдоо тапкан.

Өзгөчө макам министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчөтөт. Облустун Координациялык кеңеши түзүлүп, атайын салыктык жана инвестициялык режим киргизилет.

Буга чейин коогада жоголгон жана өрттөлүп кеткен кыргызстандыктардын документтерин Мамлекеттик каттоо кызматы акысыз даярдап бере турганын билдирген.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. 200дөй киши жараат алды. 100дөн ашык үй өттөлүп, талкаланды. 50 миңден ашык киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Жаңжалда тажик тараптан 19 адам набыт болду. Эки өлкө бул үчүн бирин- бири айыптап, кылмыш ишин козгошту. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG