Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Марипов: Кымбатчылыкты ооздуктоого аракет кылуудабыз


Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов Кадамжай шаарындагы базарга барды. 22.05.2021
Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Марипов Кадамжай шаарындагы базарга барды. 22.05.2021

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо иштери жүрүп жатканын белгиледи. Ал мындай пикирин 22-майда Баткен облусундагы иш сапарында билдирди.

“Учурда көптөгөн товарлар сырттан импорттолуп жатат. Бирок биз аны өзгөртүүнү пландаштырып жатабыз. Өлкөнү өзүбүз өндүргөн товарлар менен камсыздашыбыз керек”, - деди Марипов.

Министрлер кабинети 11-майда өсүмдүк майы менен кумшекерге болгон баага убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизген.

Аны ишке ашыруу Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине тапшырылган.

Антимонополия агенттигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанга өсүмдүк майынын 90-95 пайызы, кумшекердин 50 пайызы сырттан келет.

Өсүмдүк майы өткөн жылдын май айына карата 60 пайызга, ал эми кумшекер 45-46 пайызга чейин кымбаттады.

Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбатчылык байкалууда. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG