Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Казакстандын ЖОЖдорду менчиктеген үлкөндөрү


Казакстандагы Назарбаев университети
Казакстандагы Назарбаев университети

Казакстанда жеке менчик университеттердин көпчүлүгү билим тармагын башкарган мурдагы жетекчилерге таандык. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматынын иликтөөсүндө айтылат.

“Азаттыктын” казак кызматынын журналисттери жасаган иликтөөдө Казакстандагы менчик университеттерге ээлик кылган аткаминерлер жана алардын жакындары жөнүндө баяндалат.

Анда өлкөдөгү аттуу-баштуулар билим берүү тармагын бизнеске айлантып, бир эмес, бир нече университет ачканы айтылган.

Маселен, Казакстандын мурдагы билим берүү министри Бакытжан Жумагуловдун жакындарына Алматыдагы Казакстан Инженердик-технологиялык университети, Заманбап технологиялар институту сыяктуу бир нече окуу жайлар катталган.

Жумагулов 2013-жылы министр кезинде жеке менчик университеттерди эки эсеге кыскартууга убада берген.

«Ар бир жогорку окуу жайынын артында Астанадагы бирөө турат. Кызыкчылыктарын коргойт. Алар депутаттык корпуста, өкмөттө, бардык борбордук органдарда бар. Алар бул окуу жайларды кыскартпаганга аракет кылып, таламын талашат», - деген Жумагулов.

Бирок иликтөөдө министр убадасынын өтөөсүнө чыкпай, тескерисинче жубайы, уулуна катталган окуу жайларды ачып, азыркы күнгө чейин пайда таап келгени айтылат.

Казакстандагы дагы бир мурдагы билим берүү министри Ерлан Сагадиев атасы менен биргеликте Эл аралык бизнес университети жана Алматыдагы Эл аралык маалыматтык технологиялар университетин түптөгөн.

Иликтөөнүн каармандарынын бири Билим берүү министрлигинин кызматкери Серик Пиралиев. Анын жубайы жана үч уулуна өлкө боюнча 20дан ашык жеке менчик окуу жай катталган. Алардын экөө университет.

“Азаттыктын” иликтөөсүндө узак жылдар бою мамлекеттик университеттерди жетектеген Тилектеш Эшболов, Эрлан Сыдыков, Бирганым Айтимова, Салима Кунанбаева ж.б. ректорлор мамлекеттик имараттарды менчиктеширип, жеке окуу жай ачканы баяндалган.

Казакстанда мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин жакындары да билим берүү мекемелерине ээлик кылат.

Мисалы, экс-президенттин экинчи кызы Динара Кулибаеванын Нур-Султан жана Алматыдагы IT тармагындагы окуу жайларда үлүшү болсо, тун кызы, өлкө парламентинин депутаты Дарига Назарбаева Казак-орус Медицина университетинин түптөөчүлөрүнүн бири.

Ал эми мурдагы Рыскулов учурдагы Нархоз университети эл башынын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Болот Утемуратовго таандык экени айтылат.

“Азаттыктын” казак кызматы бул университеттердин арасында эң мыкты билим берип, алдыңкы технология менен камсыз болгондору барын белгилеп, бирок диплом сатуу менен шугулданып, билим берүүнү бизнеске айланткандары арбын экенин тизмектеген.

Иликтөөнү жасаган журналист Манас Кайыртай уулу бул жагдай тууралуу мындай деди.

“Казакстанда 130га жакын жогорку окуу жайы бар. Алардын көпчүлүгү жеке менчик. Серепчилер билим деңгээлинин төмөндүгүн, дипломдун акчага сатылышын көбүнесе ушул жагдайга байланыштырат. Кадимки эле бизнес”.

Казак бийлиги деле жогорку билим берүү жаатында көйгөйлөр көп экенин тандайт. Бир жыл мурда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев бул тармакта талаптарды күчөтүү тапшырмасын берген.

“Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн мен ЖОЖдорго талапты күчөтүү тапшырмасын бердим. Псевдодиплом берген мекемелерге биздин системада таптакыр орун жок. Канчалык оор болбосун, мындай окуу жайларды ким гана коргобосун, бул жааттагы ишти аягына чыгарыш керек. Дипломдорду басып чыгарган мындай мекемелерди чечкиндүү түрдө жабуу абзел”.

Президент Токаевдин мындай тапшырмасынан соң бир нече университеттин лицензиясы жокко чыгарылган. Бирок “Азаттыктын” казак кызматы жабылган окуу жайлар аталышын өзгөртүп, жаңыдан каттоодон өтүп, ишин улантып жатканын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG