Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Тажикстан - Пакистан алакасындагы "Талибан" фактору


Тажикстандын президенти Рахмон менен Пакистандын премьер-министри Имран Хан Исламабадда, 2-июнь, 2021-жыл.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 2-июнда расмий сапар менен Пакистанга барды. Эки өлкө лидерлери экономика, соода, саясат жана инвестиция боюнча келишимдерге кол коеру пландалууда.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги президент Эмомали Рахмондун Исламабадга сапары башталганын, Рахмон Пакистандын президенти Ариф Алви менен жолугушарын кабарлады.

"Эки тарап экономика, соода, саясат, инвестиция, коопсуздук, маданият, билим берүү жана аймактык байланыш тармактары боюнча кызматташтыкты талкуулай турганы күтүлүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу каралган" деп жазылган билдирүүдө.

"Азаттык" радиосунун тажик кызматы өкмөттөгү өз булактарына таянып, Тажикстан менен Пакистан делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки маселеге өзгөчө көңүл буруларын жазды. НАТОнун күчтөрү чыгып кеткенден кийинки Ооганстандагы абал жана Дүйшөмбү менен Исламабаддын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү.

Буга чейин Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден америкалык аскерлер Ооганстандан 1-майдан баштап чыгарыларын жана бул жараян 11-сентябрга чейин бүтөрүн жарыялаган. 25-апрелде АКШ жана НАТО Ооганстандагы бир катар базалардан аскерлерин чыгара баштаган. Ошондой эле Вашингтон "АКШ 2001-жылы Ооганстандагы аскердик операциясынын башында коюлган максаттарга жетишти" деп билдирген. Айрым өлкөлөр, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттери эл аралык күчтөр чыгып кеткенден кийин Ооганстан террорчулардын баш калкалоочу өлкөсүнө айланып кетиши мүмкүн жана бул аймактагы коопсуздукка терс таасирин тийгизет деп сындашат.

Ал эми Пакистан Ооганстандагы тынчтыкты жана туруктуулукту колдой турганын билдирип келет. Бирок Кабул буга чейин бир нече жолу Исламабадды "Аль-Каида" жана "Талибан" кыймылдарынын "согушкерлерин колдойт" деп айыптаган. Пакистан мындай айыптоолор менен макул эмес.

Дүйшөмбү өз кезегинде Ооганстандын расмий өкмөтүн колдойт. Ошондой эле "Талибан" Тажикстанда тыюу салынган террордук уюмдардын тизмесине киргизилген.

Тажикстандык серепчи Сади Юсуфи эки президенттин жолугушуусунда сөз дал ушул "Талибан" кыймылынын тегерегинде болорун белгиледи.

"Тажикстан ар дайым "Талибанга" каршы болуп келген. Ушунча жылдан бери Тажикстан менен Ооганстанда "Талибандын" мамлекеттик түзүлүшкө болгон көз карашы өзгөргөн жок деп эсептешет. Булар алгач ислам режимин орнотуу үчүн бийликке келүүнү каалаган адамдар. Эгер бул чын болсо, анда мен Дүйшөмбү менен Исламабадда "Талибан" жөнүндө бирдиктүү пикир пайда болот деп ойлобойм", - деди Юсуфи.

1-июнда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Тажикстандын Тышкы иштер министри Сирожидин Мухриддин менен телефон аркылуу байланышкан. АКШ Тажикстандын суверендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын колдорун айтканы кабарланды.

Блинкен Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы саясий чыңалууну азайтуу, чек араны тактоо жана эки өлкөнүн көйгөйлөрүн тынчтык жолу менен чечүү аракеттерин колдорун ачыктады. Ошондой эле мамлекеттик катчы Тажикстанга аймактык коопсуздукту камсыздоо, Ооганстандагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн колдоо жана терроризмге каршы күрөштөгү өнөктөштүгү үчүн ыраазычылык билдирген.

Пакистан Тажикстандын саясий жана соода-экономикалык өнөктөшү. Коңшулаш жайгашкан эки өлкө БУУ, ШКУ, Ислам кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык алкакта тыгыз кызматташат.

Ал ортодо пакистандык Dawn басылмасы 4-майда оор автоунаалар Карачиден Кабул шаары аркылуу Ташкентке дары-дармек ташып келгенин жазды. 13-майда ал машинелер кайра булгаары буюмдарды Ташкенттен Пакистандын Фейсалабад шаарына жеткиргени кабарланды.

Жүк Ооганстандагы согуш жана Кабул менен Исламабаддын ортосундагы дипломатиялык чыңалуунун кесепетинен тоскоол болуп келген аймактагы ар кандай каттамдардын турмушка жөндөмдүүлүгүн текшерүүгө багытталган беш пландуу сыноонун бир бөлүгү.

Исламабад менен Дүйшөмбү CASA-1000 долбоорунун ишке ашырылышын маанилүү деп эсептешет. Ал аркылуу Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын жеткирүү каралган.

Долбоордун жалпы баасы 1 миллиард доллардан ашык. «Барки точик» ишканасынын акыркы маалыматына ылайык, Тажикстандын аймагындагы инфраструктуранын курулушуна 351 миллион доллар талап кылынат. Долбоордун тажик бөлүгүн ишке ашыруу үчүн Дүйнөлүк банк, Европа банкы, Европа реконструкция жана өнүгүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана Улуу Британиянын өкмөтү каражат бермекчи.

Тажикстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык алака 1992-жылы түптөлгөн. 2019-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 56 миллион долларды түзгөн.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG