Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Инандыны издөө: жыйынтык бербеген бир ай


Орхан Инандынын тарапташтарынын митинги.
Орхан Инандынын тарапташтарынын митинги.

“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти, Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инанды бир айдан бери дайынсыз. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн издөөгө жардам сурап үчүнчү жолу президентке кайрылды. Өткөн айда президент Садыр Жапаров тийиштүү мекемелерге аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Инандынын тарапташтары бийликке кайрылуу жасап, анын табылышын талап кылып акцияларды өткөрүп жатышат. Орхан Инандынын жоголушу боюнча Коопсуздук кеңеши чукул кеңешме да өткөргөн. Ички иштер министрлиги издөө иштери дагы деле уланып жатканын билдирет.

Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды мамлекет башчы Садыр Жапаровго үчүнчү ирет видео кайрылуу жасады. Ал күйөөсүнүн жоголгонуна бир ай болгонун белгилеп, аны табууга жардам берүүнү президенттен өтүнгөн. Инандынын жубайы буга чейин да өлкө башчыга эки ирет кайрылып, элден жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинен күйөөсүн табууга жардам сурап кайрылган.

"Орхан Инандынын жоголгонуна бир ай өттү. Ошол убактан бери анын кайсыл жакта, кимдин колунда экени, ден соолугу тууралуу эч кандай маалыматыбыз жок. Мен төрт балам менен бир айдан бери көз ирмебей, күнү-түнү, чоң үмүт менен күтүп жатабыз. Белгисиздикте, эч нерсе билбей күткөн өлүмдөн да оор экен. Журт атасы катары биз сизге таянабыз, ишенебиз, бизге жардам бериңиз. Атабызды табуу боюнча укук коргоо органдарына берген тапшырмаңыздын жакшы жыйынтыгын талап кылышыңызды күтөм. Балдарымдын атасы үйгө эсен келсин”, - деди Рейхан Инанды.

Орхан Инанды Кыргызстанда 16 “Сапат” лицейин, эл аралык “Ала Тоо” университетин, “Силк Роад” мектебин жана төрт толук эмес жалпы билим берүү мектебин түптөгөн адамдардын бири. Издөө иштерине алымсынбаган бүтүрүүчүлөрдүн атынан сый акы да убадаланган эле.

Инандыны табууну талап кылган акция уланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:35 0:00

Расмий маалыматтар боюнча, Инанды Кыргызстандын чек арасы аркылуу чет өлкөгө чыккан эмес. Мындан тышкары Түркия, Грузия, Казакстан, Чехия, Испания, Румыния жана Ооганстан өлкөлөрүнөн да Орхан Инанды чек арадан өтпөгөнү тууралуу маалымат келди. Кыргызстан бул мамлекеттерге Интерпол аркылуу багыттама берген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков “Азаттык” радиосуна издөө иштеринин журүшу тууралуу буларды билдирди.

“Орхан Инандыны издөө боюнча сотко чейинки териштирүү иштери активдүү уланып жатат. Мындан башка маалымат жок. Ал чек араны кесип өткөн эмес. Тиешелүү видеотасмалар да тергөөгө алынган. Бардык тарапта иш жүрүп жатат”.

Инандынын жоголушуна байланыштуу Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен кылмыш ишин козголуп. Мурдараак Ички иштер министрлиги Инандыны укук коргоо органдарынан миң кызматкер издеп жатканын билдирген.

Инандынын табышмактуу жагдайда жоголушу Жогорку Кеңеште дагы каралып, президент тапшырма берип, коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны да өткөн. Коомчулуктун көңүл борборунда турганына карабай бир айдан бери ың-жыңсыз болуп жатышы коомчулукта ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратууда дейт жарандык активист Руслан Акматбек.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Кооптондурган, күмөн ойлорду жараткан бир нече жагдайлар бар. Президент катуу тапшырма берип, көзөмөлгө алды. Бирок, тиешелүү кызматтар алиге чейин расмий бир нерсе айтпай жатышат. Кандай жагдайда жоголуп, кимдер тиешелүү, иш кайсыл деңгээлде жүрүп жатат, кайсыл багыттар боюнча иш жүрүп жатат дегендей. Анан бул ишти унуттурууга аракет болуп жатабы деген ойго түртөт да. Эптеп жоопкерчиликтен качып, коомчулук унутуп калса деп жатышкандай. Көйгөй Орхан Инандынын маселесинде деле эмес. Бир киши жоголуп кетип, президенттин деңгээлинде көзөмөлдө туруп анан жыйынтыгы ушундай болсо каалайсыңбы, каалабайсыңбы “Биз кандай өлкө болуп калдык?”деген ойго жетеленет экен адам. Бул мыйзамсыздык болуп калды. А биз жакшы билебиз, бизде бир мыйзамсыздык экинчи мыйзамсыздыкка жол ачат”.

Түркия буга чейин Орхан Инандыны өткөрүп берүү өтүнүчү менен Кыргызстанга кайрылганын Ички иштер министрлиги ырастап, бирок ал качан болгонун тактаган эмес.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Артур Медетбеков азыркыга чейин бир илинчек болбой жатканы "жакшы көрүнүш эмес" экенин айтат. Ал ошондой эле, бул иште кылмыш дүйнөсүнүн аралашуусун четке кагып, кандайдыр бир саясат бар деген пикирде.

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

“Бир топ жылдар мурда да ушундай адам дыйынсыз жоголуп, табылбай жаткан учурлар болгон. Бирок ал көп жыл мурда. Азыр эми техника, ыкмалар өзгөрдү. Орхан Инандыны издөө боюнча атайын топ түзүлүшү керек болчу. Азыр кандай шартта изделип, иликтөө иши кайсыл деңгээлде экенин билбейбиз. Бул адамдын жоголушуна кандайдыр бир кылмыш дүйнөсү аралашып, акча талап кылуу сыяктуу багыттарга мен кошула албайм. Анткени бул адам эл агартуу тармагында иштеп, ар бир маселени дипломатиялык жол менен чечип келген. Ак көңүл киши. Менин пикиримде мурда күч кызматтарында иштеген, ушул жаатты жакшы билген адамдардын жардамы менен чет өлкөгө чыгып кетиши мүмкүн. Бул иш боюнча коомчулукка улам-улам эскертип, унутулбай иш жүрүп жатканын, коомчулуктан да жардам сурап, эскертип туруш керек. Мен көбүрөөк саясий өңүтү бар дегенге ыктап турам”.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркияга 9-11-июнь күндөрү иш сапары учурунда Режеп Тайып Эрдоган менен Орхан Инанды тууралуу да сөз болгон. Садыр Жапаров Эрдогандан Орхан Инандынын Кыргызстанда жоголушу боюнча сураганда түрк президенти аны тааныбай турганын, ал жөнүндө маалыматы жоктугун, “ФЕТОчулар тууралуу билгим да келбейт” деп жооп бергени айтылган.

Орхан Инанды 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ошол эле учурда Түркиянын жарандыгынан да баш тарткан эмес. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал кантип жарандык алганы иликтенип жатканын айткан. 2-июлга карата бул иш боюнча иликтөө иши уланып жатканын аталган кызмат билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG