Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Садыр Жапаров Түркиянын коргоо министрин кабыл алды


Садыр Жапаров жана Хулуси Акар жолукту.
Садыр Жапаров жана Хулуси Акар жолукту.

Бүгүн, 30-июнда президент Садыр Жапаров Түркиянын коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды.

Анда аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук багытындагы эки тараптуу кызматташтык жөнүндө сөз болду.

Садыр Жапаров эки өлкөдө, жалпы чөлкөмдө тынчтыктын, туруктуулуктун болушу үчүн биргелешкен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

"Чөлкөмдөгү туруксуз абал жана коркунучтар өсүп жатканда өзгөчө Ооганстандагы кырдаалдын татаалдашкандыгына байланыштуу, аскердик-техникалык кызматташуу актуалдуу жана өз убагында болуп эсептелет", - деди Жапаров.

Хулуси Акар аскердик кызматташтыктын алкагында адистерди окутуу жана даярдоо маселеси дагы маанилүү экенин белгилеген.

Садыр Жапаров 9-июнда Түркияга расмий иш сапары менен барып келген. Анын алкагында Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турганы маалым болгон. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG