Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Путин түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берүүдө


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин түз эфирде жарандардан келген суроолорго жооп берүүдө. Бул Путин өлкөнү башкарган жылдардагы 18-жолку түз эфир болуп калмакчы. Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынан көрсөтүлгөн эфир аркылуу президент жарандарды тынчсыздандырган жана кызыктарган суроолорго жооп берүүгө даяр экенин ишарат кылат.

Бул жолу Владимир Путинге 1 миллионго жакын суроо жана кайрылуу түшкөн. Алардын көпчүлүгү коронавирус пандемиясы менен күрөш, вакцинага байланыштуу суроолор экени белгилүү болду.

Владимир Путин Орусияда өндүрүлгөн Sputnik V вакцинасы менен эмделгенин билдирди.

Президенттин бул түз эфири Орусияда вирус жуктургандардын көбөйүп, эпидемиологиялык абал начарлаган учурга туш келди. Ошондой эле, соңку жылдары Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн мамилеси абдан начарлап, АКШ жана Евробиримдик бир нече санкция салган.

Кремль бир нече саатка созулган түз эфир аркылуу Путинди элдин көйгөйүн билген, Орусиядагы ири долбоорлор эле эмес, эң жөнөкөй маселелерге чейин кабары бар лидер катары көрсөтүүгө далалат кылып келет.

69 жаштагы Владимир Путин Орусияны 2000-жылдан бери башкарып келет. 2008-2012-жылга чейин өкмөттү башкарганы менен анын таасири сакталып калган. Орусиянын Конституциясына былтыр киргизилген өзгөртүүлөр Путин расмий түрдө бийликте 2036-жылга чейин калууга жол ачкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG