Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:45

Милиция: мурда кыз уурдоого айыпталган адам зордуктоого шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 18 жашар кызды «зордуктоого» шектелип, 29 жаштагы жигит кайра кармалганын билдирди.

19-майда ал кызды уурдоого шектүү катары кармалып, бирок Ош шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарган.

Соттун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы бул маалыматты ырастады:

“Шектүүгө карата үй камак түрүн тандоодо анын жашы жана туруктуу жашаган жери, тергөөгө убагында келгени эске алынган. Учурда "Адам уурдоо" беренеси боюнча жазык иши Ош шаардык сотунун өндүрүшүндө”.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Абсаттар Тавакалов "Азаттыкка" шектүү 11-июнда кайрадан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин бышыктады.

“Арыз "Зордуктоо" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Алдын-ала маалыматта жабырланган кыздын денесинде жараат бар экени аныкталган”, - деди Тавакалов.

Экинчи кылмыш иши жакынкы убакта сотко жөнөтүлө турган болууда. Шектүү тарап да, жабыркаган тарап да комментарий бере элек. (MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG