Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Балдар үйүндө каза тапкан өспүрүм сабалганы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыкты. Бул тууралуу 30-июнда облустук милиция маалымдады. Ага ылайык, 13 жашар Игорь Якуниндин сабалганы аныкталды. Бул фактыдан улам козголгон кылмыш ишинин беренеси “Денесине оор залал келтирип, этиятсыздык менен адам өлтүрүү” болуп өзгөрдү.

Өспүрүм 1-июнда каза болгон жана балдар үйүнүн жетекчилери трагедияны анын саламаттыгы менен байланыштырган. Якуниндин өлүмүн териштирүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.

Балдар үйүнүн жетекчиси иштен убактылуу четтетилип, балдарга кысым көрсөтүлбөшү үчүн айрым тарбиячылар эмгек өргүүсүнө жөнөтүлгөн.

Маркумдун интернатты бүтүргөн бир тууган агасы президентке кайрылып, иниси зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүн экенин айткан. (MiK)

XS
SM
MD
LG