Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Навальныйдын үзөңгүлөшү Иван Ждановго эл аралык издөө жарыяланды


Иван Жданов
Иван Жданов

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Иван Ждановго эл аралык издөө жарыяланды. Бул тууралуу анын адвокаты Владимир Воронин билдирди. Маалыматка ылайык, Ждановдун документтери Интерполго 18-июнда өткөрүлгөн. Бирок бул тууралуу айыпталуучунун адвокаттарына расмий маалымат берилген эмес.

Ага "сот чечимдерин аткарбаган" деген айып тагылган. Учурда аны сыртынан камакка алуу боюнча өтүнүчтү сот карап жатат.

Иван Жданов - Навальный түптөгөн Коррупцияга каршы күрөш фондунун директору болчу. Орус бийлиги бул фондду жакында "экстремисттик уюм" деп таап, өлкөдө иш жүргүзүүсүнө тыюу салды.

Навальныйдын башка үзөңгүлөштөрүндөй эле Иван Жданов да чет өлкөгө чыгып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG