Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:00

Мушташкан "такырбаштар" бошотулду, мигрант камалды


Москвада "такырбаштар" менен кагылышкан тажик мигранты эки айга камакка алынды. Ага "бейбаштык" беренеси боюнча айып тагылганы кабарланды. Укук коргоочулар тажикстандык мигрант ашынган улутчулдар менен кокустан мушташып кеткенин айтышат.

Москва шаарынын сотунун өкүмүнө ылайык "такырбаштардан" токмок жеген 21 жаштагы тажикстандык Амиршо Хусейновго "бейбаштык" беренеси менен айып тагылып, эки айга камакка алынды.

Бул тууралуу шейшембиде орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик "Фейсбук" баракчасында жазды.

"Сот Амиршону тергөө учурунда эки айга камакта калтырды. Эң жаман жери, Амиршо адвокатынын сунушуна кулак салбай, курал колдонуп, бейбаштыкка барганын мойнуна алган. Албетте эртең адвокат бул боюнча апелляциялык арыз менен кайрылат, бирок Амиршону СИЗОдо катуу коркутуп, соттун чечимин кабыл алууга мажбурлашат", - деп жазат Чупик.

Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

Анткен менен Амиршонун туугандарынын айтымында, ал чырга кокустан эле катышып калган жана анда эч кандай курал болгон эмес.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, 23-июнда Москванын Толбухина көчөсү менен "Орусия - орустар үчүн", "Москва - москвалыктарга" деген ураандар менен орус улутчул такырбаштар тобу мыйзамсыз жүрүш жасаган. Анын натыйжасында бул жоон топ улутчулдар дагестандык жана тажикстандык жарандарга туш келип, ортодо мушташ чыккан.

Социалдык тармактарда тараган тасмада алгач эки тараптын бирден өкүлү бетме-бет мушташканы, кийин массалык башаламандык болуп кеткени көрсөтүлөт.

Окуя болгон жерге полиция келип, мушташтын катышуучуларын кармап, алардын арасынан Амиршо Хусейнов гана камакка алынган. Окуяга катышкан эки тарапты тең полиция учурунда кармаганы менен кийин урушту баштаган орус улутчулдары бошонуп кеткен.

Ал ортодо 29-июнда Москвадагы Тажикстандын элчилиги бул боюнча Орусиянын Тышкы иштер министрлигине каршылык нотасын жөнөткөнү кабарланды. Анда элчи Имомуддин Сатторов Орусия ТИМинен окуяны объективдүү жана ачык иликтөөнү талап кылганын билдирген.

"Мен Орусиянын Тышкы иштер министрлиги улутчулдар менен болгон күрөштү объективдүү иликтөөгө буйрук берет деп ишенем. Кармалган Тажикстандын жаранына бардык керектүү жардамдар көрсөтүлөт", - деп билдирген элчи "Азаттык" радиосунун тажик кызматына.

Ал ошондой эле элчиликтин кызматкерлери Амиршо Хусейновдун жакындарынын кайрылуусунан кийин ишти өз көзөмөлүнө алып, адвокат жалдашканын кошумчалаган.

Орусия. Москва. "Белые волки" орус улутчул-такырбаштарынын жаштар уюмунун мүчөлөрү сот залында. 25-февраль, 2010-жыл.
Орусия. Москва. "Белые волки" орус улутчул-такырбаштарынын жаштар уюмунун мүчөлөрү сот залында. 25-февраль, 2010-жыл.

Орусияда ашынган улутчулдардын мигранттарга кол салуулары 2007-2010-жылдар аралыгында абдан күчөп кеткен. Соңку учурда деле чет элдиктерди кодулаган көрүнүштөр жоюлбаганын интернетке жарыяланган видео, кабарлардан улам байкоого болот.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG