Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Нарзиев: Коңшуларга арачынын кереги жок


Кыргызстан менен Тажикстандын желектери.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүдөгү расмий сапарынын мааниси тууралуу тажик эксперттери да ой-пикирлери менен бөлүшүүдө.

Саясат талдоочулар эки президент эң негизгиси ортодогу келишпестиктерди тынч жол менен чечүү багыттарын аныктап алышты деп жолугушуунун өзөгүн чечмелешүүдө. Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун чек ара чатагынан кийин Тажикстанга барган сапарынын мааниси тууралуу тажик эксперти, саясат талдоочу Ильхом Нарзиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Ильхом мырза, өткөндөгү кандуу чек ара чатагынан кийин президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга сапары тажик коомчулугунда кандай кабыл алынды?

- Жергиликтүү прессанын жана жалпы эле элдин реакциясын – алардын бул визитке эки күн бою кулак түрүп, өзгөчө көңүл буруп, даярданганынан билсек болот. Демек, негизги коомчулук Тажикстанда бул визитти чоң үмүт менен күттү десек болот.

Анткени эки өлкө ортосунда топтолгон көйгөйлөр абдан эле татаал. Көп жылдан бери ал маселер чечилбей келип, анын аягы барып эки мамлекеттин жана чек арада жашаган элдин ортосунда мамилени курчутуп, кагылыштарга алып келген. Анын кесепетинен өз ара ишенбөөчүлүк пайда болгон. Жеткен чеги - быйыл апрель айынын соңунда адам курмандыктарына алып келген чек ара чатагы болду.

Бирок, кандай гана карама-каршылык болбосун, ал акыры чечилиши зарыл. Анткени чыр-чатактар учу-кыйыры жок улана бербеши керек. Айрыкча, мында кошуна жашаган эки эл, эки мамлекет тууралуу сөз болгондо. Ошондуктан ынак кошуналык сакталышы үчүн маселенин тынчтык жолу менен гана чечилишин каалайбыз.

- Эки президенттин жолугушуусунун жыйынтыгын кандай бааладыңыз?

Ильхом Нарзиев
Ильхом Нарзиев

- Бул жолугушуудан тез арада эле кандайдыр бир жыйынтык күтүү туура эмес. Анткени ортодогу маселелердин өзү абдан эле татаал. Эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү абдан узакка созулду. Алты сааттан ашты.

Албетте, бул - мамлекет башчыларынын жүзмө-жүз отуруп, сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү. Алар аны колдон чыгарбай, ортодо келишпеген маселелерди чечүүгө жакындатышы абдан маанилүү. Бирок биз көргөндөй, кол коюлган документтердин арасында чек ара маселеси кирген жок. Анткени бул маселенин өтө татаалдыгы менен түшүндүрүлөт. Бирок эмне болгондо дагы, мамлекет башчылары мындан ары кандай иш алып баруу багыттарын аныктап алышты.

- Кыргыз президенти чек арадагы соңку окуя эки өлкө үчүн оор сыноо болгонун айтып, тараптар эми анын кайталанышына жол бербеши керек деди. Бул үчүн эки президент эмне кылуу керек?

- Алар мамлекет башчылары. Алардын айткан сөздөрү жана аракеттери салмактуу. Алар сөзсүз аткарылышы кажет. Ошондуктан, эң башкысы, мамлекет башчылары мына ошондой билдирүүлөрү аркылуу биринчи кезекте оор маселелердин конструктивдүү жол менен чечүү тарабында экенин билгизишти. Мында өзүнүн улуттук кызыкчылыгы менен катар эле кошунанын кызыкчылыгын эске алуу маселеси турат. Көйгөйдү мунасага келбей туруп, чечүү мүмкүн эмес.

- Чек ара чырынан эки ай өттү. Азыр чек ара жабык турат. Эки мамлекет үчүнчү тарапты кийлигиштирбей чек ара маселесин чече алабы?

- Бизге ортобузга түшчү арачынын такыр эле кереги жок. Бизде кандай болду? Албетте, чек ара аймагында ресурстар чектелген. Калктын саны болсо жыл сайын өсүп баратат. Бирок мында дал ошол үчүнчү тарап себептүү же алардын шыкагы менен чагым уюштурган жергиликтүү топтордун кызыкчылыгынан улам аталган маселе курчуп, оорлошуп отуруп, курч чыр-чатактарга алып келди.

- Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин кыргыз-тажик чек ара чатагын жөнгө салууга арачы болууга даяр экенин сунуштаган. Азыр ушундай зарылдык барбы?

- Биз кошунабыз. Бул чөлкөмдө биз жашайбыз. Мындай учурда башка арачынын кереги жок. Маселени ортомчусу жок эле биз өзүбүз жакшы чечебиз. Анткени башка бирөө келип, ортого түшкөнгө караганда бир топ бекем жана бир топ ишенимдүү тынчтык орнойт. Алар келип, биздин көйгөйдү чечмек беле? Анан эмне бизде маселе чечип, келише ала турган аксакалдар, саясатчылар же адистер жокпу? Ошондуктан ким гана болбосун, бизге ортомчу керек эмес.

Биздин жетекчилердин бүгүн айтканы туура багыт. Башкысы, өз ара ишенимди кайтаруу, чыр-чатакка жол бербөө жана чек ара маселесин эки элдин кызыкчылыгына карап чечүү керек деген негизги багыттар аныкталды. Ошондуктан тажик менен кыргыз өздөрү эле келишип алышы шарт.

- Тынчтык жолу менен чек ара талаштарын чечүү үчүн кандай конкреттүү кадамдар жасалууга тийиш?

- Биз эки тарап биргелешкен бирдиктүү комиссия түзсөк болот. Ага сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, айткан көз карашын жүйөлөштүргөн жана бирөөнү уга билген адамдарды тартуу зарыл. Бул комиссияда дипломаттык шыгы бар, кесипкөй жана маселени жакшы билген адамдардын болгону абдан маанилүү.

Мына ошондо тараптар жүйө менен сүйлөшүп, маселени чечүүдө бири-бири менен мунасага бара алышат. Ошентип, алар мамлекет башчыларына даяр документти сунуштамак. Ошол маселелерди чек ара аймактарында жашаган калк менен макулдашуу дагы абдан маанилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG