Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

Кыргыз-тажик чек арасы тууралуу документ кабыл алынган жок


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарындагы жолугушууда. 29-июнь, 2021-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарындагы жолугушууда чек ара маселесин сүйлөштү. Бирок ал боюнча атайын документ кабыл алынган жок.

Башка кызматташуу боюнча төрт макулдашууга кол коюлду. Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы ондогон адамдын өмүрүн алган жаңжалдан эки айдан кийин коңшу өлкөгө барды.

Жаңжалдан кийинки кездешүү

Түркмөнстандагы эки күнгө созулган иш-сапарынан кийин президент Садыр Жапаровдун учагы 28-июнда түштөн кийин Тажикстанга конду. Кыргыз делегациясын Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды. Андан кийин кыргыз мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен тажик президенти Эмомали Рахмон шаар четиндеги “Бахор” резиденциясында расмий эмес форматта кездешти.

Сапардын 29-июнь күнкү жүрүшүн Жапаров борбор шаардагы тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар коюу менен баштады. Андан кийин президенттердин расмий жолугушуусу өттү.

Садыр Жапаровду коштогон кортеж “Улут сарайына” келип токтоп, аны Эмомали Рахмон тосуп алды. Мамлекет башчылары учурашкан соң, Ардактуу кароол ротасынын командири эки өлкөнүн лидерлерине рапорт берди. Андан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эмомали Рахмондун Садыр Жапаровду тосуп алуу учуру. 29-июнь, 2021-жыл.
Эмомали Рахмондун Садыр Жапаровду тосуп алуу учуру. 29-июнь, 2021-жыл.

Андан ары Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон тизилип турган Ардактуу кароол ротасынан өтүп, бири-биринин — Кыргызстан менен Тажикстандын делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Расмий жолугушуу аземи Ардактуу кароол ротасынын салтанаттуу маршы менен жыйынтыкталды.

Андан кийин президенттер бетме-бет (тет-а-тет) форматында жолугушту. Анда Эмомали Рахмон Тажикстан Садыр Жапаровдун өлкөгө болгон расмий сапарына өзгөчө маани берерин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин белгиледи.

“Урматтуу Садыр Нургожоевич, Тажикстанга куш келипсиз! Бул сиздин президент болуп шайлангандан кийинки биринчи жолку кездешүүбүз. Сиздин Тажикстанга жасаган расмий иш сапарыңызга абдан маани беребиз, эки мамлекеттин ортосундагы жаратман мамилеге чын ыкласыбыздан кызыкдарбыз. Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат, сиздер менен өз ара мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкуулоого даярбыз”.

Өз кезегинде Садыр Жапаров Эмомали Рахмонго Тажикстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди. Жапаров апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалды эстеп, анын кайталанышына жол бербөө керектигин айтты:

"28-30-апрель күндөрү болгон трагедиялуу окуялар эки өлкөнүн эли үчүн оор тарыхый сыноонун жана кайгы-капанын күндөрү болуп калгандыгын өкүнүү менен белгилейм. Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын эли илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен.

Жеке кездешүүдөн кийин эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышты. Бирок ал кеминде алты-жети саатка созулду.

Тажик президентинин “Касри Миллат” сарайында жүргөн “Азаттыктын” тажик кызматынын кабарчысы Муллорожаб Юсуфинин билдиришинче, сүйлөшүү өтүп жаткан бөлмөгө эки тараптан тең аткаминерлер улам ар кыл документтерди көтөрүп, кирип чыгып жатышты.

Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаровдун кеңири форматтагы жолугушуусу. 29-июнь, 2021-жыл.
Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаровдун кеңири форматтагы жолугушуусу. 29-июнь, 2021-жыл.

Жеке булактар алдын ала кабарлагандай, жолугушууда төрт макулдашуу кабыл алынмак. Анын ичинде чек ара маселеси да болушу мүмкүндүгү айтылган.

Бирок сүйлөшүүнүн соңунда төрт макулдашуунун биринчиси пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу жөнүндө, экинчиси мамлекеттик кызмат жөнүндө, үчүнчүсү жаштар саясаты жөнүндө, төртүнчүсү мамлекеттик маалымат агенттиктеринин кызматташуусу жөнүндө экени маалым болду. Ал документтерге эки тараптан тиешелүү министрлик, агенттик жана кызматтардын жетекчилери кол коюшту.

Ал эми президенттер 25 пункттан турган биргелешкен билдирүү кабыл алып, жарыялашты. Анда Бириккен Улуттар Уюмунун Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун, Шанхай кызматташтык уюмунун, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин жана башка уюмдардын алкагында кызматташууну улантуу, соода-экономикалык алаканы жакшыртуу, достукту жана биримдикти чыңдоо, чек араны түшүнүшүү жолу менен чечүү, тездетүү сыяктуу билдирүүлөр камтылган.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кеңири форматтагы жыйындан кийин чек ара жөнүндө буларга токтолду:

“Сөз жок, бүгүнкү күнкү сүйлөшүүнүн чордонунда мамлекеттик чек аралардын линиясын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси турду. Бул көйгөйдүн контекстинде чек араны конструктивдүү духта жана тараптардын кызыкчылыктарын бирдей эске алуу маанайында чечүүгө бардык күчтөр жумшалат. Биз мурдараак кабыл алынган кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишимге кол коюу маселесин да талкууладык. Документтин долбооруна ылайык, мамлекеттик чек аранын 520 чакырымдай тилкеси такталган. Бүгүнкү күнгө жумушчу тартипте дагы 32 чакырымды макулдаштык. Чек ара тууралуу сүйлөшүү жараянын биз 2002-жылы баштаганыбызды белгилеп коёлу. 20 жыл аралыгында Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 180ден ашуун жолугушуусу өткөн. Биз урматтуу президент менен ушул жылдын апрель айынын аягында болгон трагедиялык инцидентке да токтолдук. Тилекке каршы, эки тараптан тең адамдар каза болду жана жабыр тартты, материалдык жана моралдык чыгым келди, эки элдин коңшулук мамилесине залакасы тийди. Ошондуктан биз биринчи кезекте чек аралаш райондордогу жашоочулардын бири-бирине болгон ишенимин кантип калыбына келтирүүнү ойлонушубуз керек”, - деди ал.

Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны. 29-июнь, 2021-жыл.
Эмомали Рахмон менен Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны. 29-июнь, 2021-жыл.

Кеңири форматтагы жыйында Садыр Жапаров дагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерине токтолуп, аны тездетүүгө чакырды:

“Биз ар дайым кыргыз-тажик мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү, өз ара пайдалуу көп кырдуу кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле Тажикстан менен ынак коңшулук мамилелерди жана тең укуктуу өнөктөштүктү бекемдөө Кыргызстандын тышкы саясатынын узак мөөнөттүү приоритеттерине дал келерин билдирип келдик. Бул айтылгандар бүгүнкү күндө дагы актуалдуу. Анын үстүнө, тараптар каалабаган жаңжалды баштан кечиришти, ал эки тарапка тең кайгы, зыян алып келди. Бул кырдаалды эки элдин бакубатчылыгы үчүн чечүүгө акылыбыз жетет деп ишенем”.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн, өзгөчө, чек ара райондорундагы элдин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн, чек ара райондорундагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча иштерди улантуунун, улуттар аралык кастыкты козутууга жана жергиликтүү калк арасында чыңалууну күчөтүүгө багытталган ар кандай деструктивдүү аракеттерге бөгөт коюунун маанисин белгиледи.

Чек ара чечилбей калды

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек.

Соңку бир-эки айдан бери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялар ишин жандантып, бир нече протокол кабыл алышкан. Алар Тажикстандын аймагында, Кыргызстанда Бишкекте, Ошто жана Баткенде жолугушууларды өткөрүп, кайсы бир тилкелерди чийип чыгышкан.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы, кошумча мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияны жетектеген Камчыбек Ташиев мурдараак Баткенде калк менен жолугушуп жатып буларды билдирген:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

“Кол коюлган протокол боюнча 112 чакырым жерди чийүүгө бердик. 5-9-май күндөрү чийилип бүтөт. Ал жерди келишимге киргизип, президенттер кол коюп, ратификациялангандан кийин демаркация ишин баштайбыз. Бул Кулуңдуга чейин келди. Кийинки баскыч менен бул жакка чейин келет. Бардык жерди эки элдин кызыкчылыгына жараша чечебиз”.

Ушул кабардан улам эки тараптын тиешелүү комиссиялары чек ара линиясындагы тактала элек 450 чакырымдай тилкенин 100 чакырымдан ашыгын тактоого белсенгенин мурдараак түшүнгөндөй болгонбуз.

29-июндагы жолугушууда болсо кыргыз-тажик президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон анын 32 чакырымын бир сыйра такташып, жумушчу топтун деңгээлинде бекитишкендей болгонун Тажикстандын лидеринин сөзүнөн аңдай алдык.

Тараптардын сүйлөшүүсү узак болгонуна караганда, алар калган жагдайлар боюнча бир пикирге келе албаган сыяктуу. Демек, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр мындан ары да оор болушу мүмкүн.

УКМКнын жана Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси, азыркы акыйкатчы Токон Мамытов өз интервьюларында буларга токтолду:

Токон Мамытов
Токон Мамытов

“Кыргыз-тажик чек арасынын чечилбей келе жатканына 97 жыл болду. Эки тарап тең 70 жылдай СССРдин курамында турганыбызда, Сталин да, Брежнев, Хрущёв жана башкалары да муну тактап бере алышкан эмес. Кийинки Акаев, Бакиев жана башка президенттердин тушунда да чекит коё алган жокпуз. Анткени, муну чечүү оңой эмес. Эл президентти, өкмөттү жана парламентти шайлагандан кийин ошолорго чечим кабыл алууга укук бериш керек. А бирок бизде чечим кабыл ала электе эле бийликти баса калып, тепкилеп, сөгүп жатпайбы. Эл “эгерде терс жагына чечсеңер, анда сазайыңарды беребиз” деш керек, бирок колдоп бериши керек болот. Ошол эле учурда чечим кабыл алуучулар да “бизге эл укук берди” деп, өтүгүн төргө илбеши керек. Тиешелүү комиссия, анын ичинде жумушчу топ документти кол коёрго берердин алдында жерине барып, эл менен акылдашып алуусу шарт”.

Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан кийинки биринчи чет элдик сапарын Орусияга жасаган. Кийин Казакстанга жана Өзбекстанга барды. Ортодо Орусияга кайра барып кайтты жана Түркияда да иш-сапар менен болуп келди. Кыргыз президентинин Тажикстанга жүрүшү саны жагынан анын алтынчы чет элдик сапары болуп калды.

Сапардан улам жаралган пикирлер

Садыр Жапаров Тажикстанга барары мурдатан эле айтылып жаткан. Бирок Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы апрелдин соңунда, майдын башында тутанган чырдан улам ал сапар кечеңдеген эле.

Баткенде суу бөлүштүрүүчү жайдагы келишпестиктен улам чыккан куралдуу жаңжалда Кыргызстандын 36 жараны, Тажикстандын 19 жараны курман болгон. Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай талкаланып, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Тажикстан дагы бир нече мектеп, имараттары жапа чеккенин билдирип, кылмыш ишин козгогон.

Жапаров өз билдирүүлөрүндө чек ара көйгөйү чечилмейинче Тажикстанга барбай турарын айткан эле. Айрымдар Садыр Жапаров тажик президенти менен үчүнчү өлкөдө жолугушу керек деген пикирлерин айтып жатышкан.

Талдоочу Айданбек Акмат уулу мындай дейт:

Айданбек Акмат уулу
Айданбек Акмат уулу

“Ушундай кырдаалда ал мамлекеттин борборуна барып, кулдук ургандай сапар жасоо бул туура эмес көрүнүш. Албетте, чек ара маселеси эки тараптын сүйлөшүүсү менен чечилери турган иш. Бирок аны нейтралдуу өлкөдө жолугуп, чечсе болмок. Ошол эле ЖККУнун алкагында өтчү саммиттерде эки өлкөнүн президенттери ыңгайын таап сүйлөшсө болмок. Менимче, соңку сапар кыска ойлуулукка, өзүм билемдикке салган жүрүштөй болуп калды. Кан агып турган убакта ушундай сапар мамлекеттик саясаттагы туруктуулуктун жоктугунан кабар берет”.

Арийне, соңку чырдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен бир тараптуу чек арасын жапкан. Азырга дейре коңшу тарапка автоунаалар өткөрүлгөн жок, алардын жарандары да киргизилбей турат. Кыргыз бийлиги чек ара маселесин тактоо чечилмейинче өткөрмө бекеттер да ачылбай турганын ишаара кылган. Бирок Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун соңку жолугушуусунда чек араны кайрадан ачуу сөз болгону айтылган жок.

Коомдук ишмер Жылдызбек Турганов жагдайга башкача баа берүүдө:

Жылдызбек Турганов
Жылдызбек Турганов

“Биз тажиктер менен коңшу жашайбыз. Коңшуну тандап бербейт, “алыскы туугандан жакынкы коңшу” деп бекер айтылбайт. Кыз беришип, кыз алышып, кылымдан бери ирегелеш жашап келатабыз. Ошондуктан мен президент Садыр Жапаровдун барганын колдодум. Мындай маалда биз кыргыз эли ынтымакта болуп, мамлекеттик лидерлердин позициясын колдоп турушубуз керек. Биз түбөлүк тирешип тура бербейбиз да. Алыш-беришти да улантабыз, баары бир коңшу болуп жашайбыз, ошону үчүн диалогго барышыбыз керек”.

Ошол эле убакта кыргыз президентинин Тажикстанга сапарынан эки өлкөнүн ортосундагы тирешүүдөн тышкаркы маселелерди, тагыраагы Борбор Азия аймагындагы коопсуздук көйгөйүн талкуулоо максатын да көргөндөр арбын. Башкача айтканда, Ооганстанда оорлогон жагдайды кароо максаты турат.

Саясат таануучу Марс Сариев мындайча үн кошту:

Марс Сариев
Марс Сариев

“Эл ичинде “туура эмес кылды, барбаш керек эле” дегендер чыгып жатат. Бирок чоң саясат деген нерсе бар, анын өзүнүн логикасы бар. Карап көрсөк, чет элдик армиянын чыгарылышы менен Ооганстанда жарандык согуш башталып жатат. Эгер ал жакта талибдер бийликти колго алса же өлкөсүндө ар кандай жагдайларды жаратып жиберсе бизге да кедергиси тийет. Албетте, алар бизге кирбеши мүмкүн, бирок андагы террордук уюмдардын аракеттери бизде да улануу коркунучу бар. Анткени, аларды жактагандар биздин өлкөлөрдө да бар. Ошондуктан тажиктер менен кайсы гана маселе болбосун эртерээк чечиш керек. Бул үчүн Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан баштаган өлкөлөр Тажикстан менен Кыргызстан менен консультация кылышты. Орусиянын президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары Козак Бишкекке келип кеткени да ошого күбө. Жыйынтыгы ушул. Садыр Жапаров барып Эмомали Рахмон менен диалог түздү”, - дейт ал.

Кыргыз-тажик президенттеринин Дүйшөмбү шаарындагы сүйлөшүүсүндө Ооганстандагы кырдаал сөз болгону алардын биргелешкен билдирүүсүндө айтылат. Алар ооган жергесиндеги кырдаалга тынчсыздануу билдиришкен.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG