Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Жапаровдун Тажикстанга сапарында төрт документке кол коюлду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 29-июнь, 2021-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 29-июнь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун 29-июнда Тажикстанга болгон расмий сапарында Дүйшөмбү шаарында бир катар документтерге кол коюлду. Андан тышкары Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Тажикстандын Социалдык камсыздандыруу жана пенсия боюнча агенттигинин ортосунда пенсия менен камсыз кылуу жана социалдык камсыздандыруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
  2. Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы менен Тажикстандын Мамлекеттик кызмат агенттигинин ортосунда мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө меморандум;
  3. Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстандын Жаштар иштери жана спорт комитетинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
  4. "Кабар" кыргыз улуттук маалымат агенттиги менен Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум.

Садыр Жапаров Тажикстанга расмий иш сапары менен 28-июнда барып, ошол күнү Эмомали Рахмон менен бейрасмий түрдө жолуккан. 29-июнда өлкө башчылары көзмө-көз, тар чөйрөдө, андан кийин кеңейтилген форматтагы жолугушууда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу сөз кылышты.

Бул эки өлкөнүн 55 жаранынын өмүрүн алган апрель айындагы кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан берки алгачкы жогорку саясий жолугушуу.

Ошондой эле, Кыргызстанда президенттик шайлоодон кийин мамлекет башчысы болгон Садыр Жапаров президент катары Эмомали Рахмон менен биринчи ирет кездешти. (BTo)

​
XS
SM
MD
LG