Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Кыргыз-тажик мамилеси: Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө барды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон. Дүйшөмбү шаары, 29-июнь, 2021-жыл

Тажикстанга эки күндүк расмий визит менен барган Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 29-июнда Дүйшөмбү шаарында президент Эмомали Рахмон менен жолугушту. Жолугушуу Дүйшөмбүдөгү “Улут сарайында” өтүп жатат.

Бул эки өлкөнүн 55 жаранынын өмүрүн алган кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан берки алгачкы жогорку саясий жолугушуу.

Ошондой эле Кыргызстанда президенттик шайлоодон кийин мамлекет башчысы болгон Садыр Жапаров президент катары Эмомали Рахмон менен биринчи ирет кездешүүдө.

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен көзмө-көз, тар чөйрөдө жолугушууда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу сөз кылды.

Анда Жапаров чек арадагы соңку куралдуу жаңжал эки өлкөнү сынаган окуя болгонун, мындан ары кайталанышына жол берилбеши керектигин айтты.

“Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен”, - деди ал.

Президент Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө сапары
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:21 0:00

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Анда "өз сөзүндө Эмомали Рахмон Тажикстан Садыр Жапаровдун өлкөгө болгон расмий сапарына өзгөчө маани берерин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин баса белгилегени" жазылат.

"Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат, Сиздер менен өз ара мамилелерибиздин бардык чөйрөсүнүн бүгүнкү күндөгү абалы менен келечегин талкуулоого даярбыз", - деп билдирген Эмомали Рахмон жолугушууда.

Ал эми “Азаттыктын” тажик кызматы Рахмон Кыргызстандын президентин Тажикстанга келгенин кубаттаганын, бирок чек арадагы жаңжал жөнүндө эч нерсе айтпаганын жазды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Садыр Жапаровду Тажикстанга Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дүйшекеев, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары - Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев баштаган аткаминерлер коштоп барды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмондун жолугушуусу. Тажикстан.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмондун жолугушуусу. Тажикстан.

Садыр Жапаров Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына расмий иш сапары менен 28-июнда барды. Мамлекет башчысын аба бекетинен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Андан кийин эки өлкөнүн президенти шаар четиндеги “Бахор” резиденциясында жолугушту.

28-29-июнга белгиленген сапардын алкагында Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара маселесин да талкуулаша турганы кабарланды.

Садыр Жапаров Тажикстанга ага коңшу Түркмөнстанга расмий сапар менен баргандан кийин кайрылды. Буга чейин ал Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркияга барган.

Президент Садыр Жапаровдун акыркы эки сапары Ооганстандагы талибдердин таасири күчөп, Борбор Азиядагы мамлекеттердин чек арасына жакын аймактарды көзөмөлгө алып алган мезгилге туш келди.

Эки ай мурда болуп, 55 адамдын өмүрүн алган кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалынан көп өтпөй Садыр Жапаров Тажикстанга май айынын экинчи жарымында бара турганы кабарланган.

Бирок 6-майда мамлекет башчысы Баткендин тургундары менен жолугушканда чек ара маселелери чечилмейинче коңшу өлкөгө барбай турганын айткан.

Ушул тапта эки өлкөнүн чек аралары жабык. Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий иш сапары кыргыз коомчулугунда ар кандай талкууну жаратты.

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев тажик-ооган чек арасындагы соңку жагдай, аймактагы коопсуздуктан улам бул жолугушуунун актуалдуу экенин белгилеген.

"Президент Баткенге барганда чек ара чечилмейинче Тажикстанга барбай турганын айткан. Бирок азыр дүйнөдө, региондо абал өзгөрүп жатпайбы. Ооганстанда талибдер катуу киришип, Тажикстандын чек арасына жетип калды. Тажик президенти менен Өзбекстандын, Казакстандын президенттери сүйлөштү. Өзбекстан Куралдуу күчтөрүн толук даярдыкка келтирип жатат. Бул азыр Орто Азиядагы бардык өлкөлөрдүн президенттерин ойлондурган маселе. Талибдер Тажикстанга өтүп бизге кирип келе турган болсо Баткенде дагы бир чоң көйгөй жаралат. Менимче, президент ушул жагдайдан улам барып жатса керек. Чек араны биз урушуп-тирешип эч качан чече албайбыз. Дипломатия, сүйлөшүү жолу менен гана чечишибиз керек", - деген Нурбаев.

Жапаров менен Рахмондун жолугушуусунда Орусиянын таасирин көргөндөр дагы жок эмес. Алардын бири тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов эки тараптуу жолугушуунун зарылдыгын белгилеп, ошол эле кезде дипломатиянын эрежелери да эске алынышы керектигин эске салган.

"Бул оңой эмес чечим болду, тобокелдикке салды. Бул Москванын сценарийи. Алгач Сочиде сөз болду, андан кийин Козак (Орусиянын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак - ред) келип кетти. Жыйынтыгы ушул болду. Биздин президент деле жагдайды жакшы эле түшүнүп жатат. Бизге кол салынды, биз жабыркадык. Жаңжалда 50 миңден ашык адамдын туруктуу жашоосуна кесепети тийди. Канча адам мерт болду. Ушундай учурда ал жакка барганы дипломатияда деле эп болмок эмес, болсо деле бул баш ийүү, макул болуудай кабыл алынат. Башында жолугушуулар нейтралдуу өлкөдө өтүшү зарыл эле. Окуя болгондо Өзбекстан дагы, Казакстан дагы ортомчу болууга даяр экенин билдирген. Жадагалса Улуттар Уюму дагы "жолугуп, маселени чечкиле" деп аянтча сунуштаган. Бул жерде бир сценарий жүрүп жатат. Ал биздин чечим эмес".

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова болсо президент коомчулук каршы болгонуна карабай Тажикстанга иш сапары менен барып жаткандан кийин мурда-кийин кабыл алынган эки тараптуу макулдашуулардын аткарылышын, көйгөйлүү маселелердин чечилишин тездетүү аракетин көрүшү керек деген пикирде.

“Эми эки тарап качанга чейин кас болуп турмак эле? "Барбай коюш керек эле" дегендерди да түшүнөм. Бирок мамлекеттин бүтүндүгү баарынан жогору турат. Кошуна тарап чакыргандан кийин барып, маселени чечилишине аракет кылыш керек. Ал жерден эки тараптуу макулдашуулардын аткарылышын, анын бузулбашын талап кылыш керек. Бир топ маселелерди алдыга жылдырып келиши керек деп ойлом”.

Тынчтыкты тилеген тургундар

Мындан эки ай мурда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда үй-жайы толугу менен өрттөлүп кеткен Максат айылынын тургуну Сапарали Адинаев дагы деле короосунда тигилген чатырда жашап жатат.

Максат айылынынын тургундары дээрлик баары үйлөрүнүн ордуна жаңыдан пайдубалы түптөлүп, тез куралчу дубалдарды күтүп жаткан кези.

“Азырынча чатырда жашап жатабыз. Кээ бирөөлөр башка айылдардагы жакындарыныкына барып келип жашап жатат. Пайдубалдарыбыз бүттү. Бир үйдүн дубалдарын да куруп баштадык. Биз да сентябрга чейин киребиз буюрса. Бизге негизгиси чек араны тактоо зарыл. Антпесе, өткөндөгү окуя кайталанып кетпейт деп ким кепил боло алат. Коопуздук маселесин, чек араны тактоону эле күтүп жатабыз. Азыр да айылды карап коопсуздукка камтама болуп турган кезибиз. Чек ара эле чечилсе, тынч болот деп турабыз да”.

Эки ай аралыгында өрттөнгөн үйлөрдүн дээрлик көпчүлүгүнүн пайдубалы куюлуп, Түркиядан тез куралчу үйлөрдүн алды келе баштады.

Көк-Терек айылы. Баткен. 7-май, 2021-жыл.
Көк-Терек айылы. Баткен. 7-май, 2021-жыл.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жер-жерлерден жардам жеткирилип, атайын иш-чаранын негизинде материалдык жоготуулардын ордун толтуруу жүрүп жатканын айтты.

“Куралдуу жаңжалдан кийин абал турукташары менен кайра калыбына келтирүү иштери тынымсыз жүрүп жатат. Ошол окуяда Баткен району боюнча чыгым жалпысынан 359 млн. сомдон ашкан. Калыбына келтирүү жана калктын маселелерин чечүү үчүн комплекстүү иш-чара бекитилген. Каражаттары каралган. Турмуштук зарыл көйгөйлөрдү чечүү үстүндө иш жүрүп жатат. Кошуна өлкөнүн жергиликтүү бийлиги менен да тынымсыз жолугуп жатабыз".

Куралдуу жаңжалдагы чыгымды эсептөө үчүн атайын комиссия иштеп, Баткен облусу боюнча келтирилген чыгым 1 млрд. 300 млн. сомдон ашык деп эсептеген.

Жардам берүү үчүн атайын эсепке 110 млн. сомдой каражат чогулган. Баткен облусун кайра калыбына келтирүү боюнча президенттин өкүлчүлүгү уюштурулуп, өлкө казынасынан 700 млн. сом бөлүнүп, социалдык объектилер, ички жолдорду оңдоо сыяктуу иштер жасалмай болгон.

Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев чек аралаш айылдарда материалдык чыгымдарды калыбына келтирүү иштери, социалдык тейлөө маселелеринин чечилишине калк нааразы эмес экенине токтолду. Ал элди чек арадагы коопсуздуктун камсыздалышы жана чек аранын чечилишин тездетүү маселеси гана түйшөлүп турганын айтты.

“Элдин маанайы акырындап ордуна келип, күнүмдүк жашоо менен алек болуп жатабыз. Жараксыз үйлөрдүн ордуна курула турган жаңы үйлөрдүн пайдубалдары бүттү. Айылда социалдык маселелер чечилип жатат. Эл үчүн чек аранын чечилишин тездетүү гана маанилүү. Башка маселе жок. Болгону чек араны чечип, тынч жашоону улантсак болду. Элдин күткөнү эле ошол".

Эркин Жолчуев айылдыктар Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун жолугушуусунда бир тараптуу жабык турган чек ара ачып калабы деп түйшөлүп турганын да кошумчалады.

“Бул жолугушууда чек араны тактоо ишин тездетүү үчүн аракеттер көрүлөт деп ишенебиз. Бирок ошол окуядан кийин Кыргызстан Тажикстан менен бир тараптуу жапкан чек арасын ачып жибербесе экен деп кооптонуп турабыз. Чек ара жабык болгондон жашоо токтоп калган жок”.

Баткен облусун ар тараптуу өнүктүрүү үчүн “Өзгөчө макам берүү” мыйзам Жогорку Кеңеште биринчи окуудан кабыл алынып, кээ бир мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү да жактырылган. Ага ылайык Министрлер кабинетинин деңгээлинде атайын жумушчу топ ушул учурда Баткен облусунун аймагында иштей баштады.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын тактоо иши акыркы жылдары кыйла солгундап, үч жыл мурда чырлуу делген Ак-Сай - Ворух айылдарынын чек арасынан эки өлкө башчылары жолугушуп, чек араны тактоону тездетүүгө макулдашкандан кийин деле иш жылган эмес.

28-апрель күнү Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагындагы “Головной” башкы суу бөлүштүрүүчү жайында тутанган жаңжал 29-апрель жана 1-майда уланган. Алгач аңчылык курал колдонулган бул чыр эки тараптын аскердик оор техникалар тартып, ок атышуусуна чейин жеткен. Тажикстандын куралдуу күчтөрү тик учактарды да тарткан.
Каргашада 36 кыргызстандык курман болуп, 186 киши октон жарат алган. Чек арага жакын айылдарынан 136 турак жай, 15 социалдык объект, 34 соода түйүнү, 27 май куйган бекет, беш ашкана, үч тойкана өрттөлгөн. Беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, эки чек ара тозоту жана бир клуб жараксыз абалга келген. Алтымыш миңге жакын киши үйүн таштап коопсуз жайга чыгууга аргасыз болгон.
Тажикстан тараптан болсо 19 адам өлүп, 87 киши жараат алып, 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.
Бул окуядан кийин эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG