Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 23:24

Жапаровдун Дүйшөмбү сапары: сын жана жүйө


Кыргызстан менен Тажикстандын желеги

Кыргызстанда президент Садыр Жапаровдун эмки аптадагы Дүйшөмбү сапары кайчы пикир жаратты. Ал Тажикстанда 28-29-июнь күндөрү болот, президент Эмомали Рахмон менен жолугуп, өз ара алака-катышты, анын ичинде чек ара маселесин талкуулайт. Бул Жапаровдун Тажикстанга президент катары биринчи сапары жана чек ара чатагынан кийинки эки өлкөнүн жогорку саясий жолугушуусу болмокчу.

Эки лидердин кездешүүсү ондогон адамдын өлүмү менен аяктаган чек ара жаңжалы тууралуу мунаса табыла элек кезге, Ооганстанда талибдердин тажик чек арасына жакындап, аймактык коопсуздукка олуттуу коркунуч жараткан маалга туш келди.

Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы анын Дүйшөмбү сапары тууралуу учкай маалымат таратты. Ага ылайык, иш сапардын жүрүшүндө тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Тараптар өз ара кызматташуу учурдагы актуалдуу багыттарын, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасына байланышкан маселелерди талкуулайт.


Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев тажик-ооган чек арасындагы соңку жагдай, аймактагы коопсуздуктан улам бул жолугушуунун актуалдуулугуна токтолду.

"Президент Баткенге барганда чек ара чечилмейинче Тажикстанга барбай турганын айткан. Бирок азыр дүйнөдө, региондо абал өзгөрүп жатпайбы. Ооганстанда талибдер катуу киришип, Тажикстандын чек арасына жетип калды. Тажик президенти менен Өзбекстандын, Казакстандын президенттери сүйлөштү. Өзбекстан Куралдуу күчтөрүн толук даярдыкка келтирип жатат. Бул азыр Орто Азиядагы бардык өлкөлөрдүн президенттерин ойлондурган маселе. Талибдер Тажикстанга өтүп бизге кирип келе турган болсо Баткенде дагы бир чоң көйгөй жаралат. Менимче, президент ушул жагдайдан улам барып жатса керек. Чек араны биз урушуп-тирешип эч качан чече албайбыз. Дипломатия, сүйлөшүү жолу менен гана чечишибиз керек".

Ушул тушта Ооганстандагы талибдер Тажикстан менен чек арага жакын жайгашкан Кундуз шаарын курчап турганы маалымдалган. Чек арадагы кырдаалды Рахмон да Казакстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары менен талкуулаган.


Анткен менен Жапаров менен Рахмондун жолугушуусунда Орусиянын таасирин көргөндөр дагы жок эмес. Алардын бири тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов эки тараптуу жолугушуунун зарылдыгын белгиледи, ошол эле кезде дипломатиянын эрежелери да эске алынышы керектигин айтты.

"Бул оңой эмес чечим болду, тобокелдикке салды. Бул Москванын сценарийи. Алгач Сочиде сөз болду, андан кийин Козак (Орусиянын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак - ред) келип кетти. Жыйынтыгы ушул болду. Биздин президент деле жагдайды жакшы эле түшүнүп жатат. Бизге кол салынды, биз жабыркадык. Жаңжалда 50 миңден ашык адамдын туруктуу жашоосуна кесепети тийди. Канча адам мерт болду. Ушундай учурда ал жакка барганы дипломатияда деле эп болмок эмес, болсо деле бул баш ийүү, макул болуудай кабыл алынат. Башында жолугушуулар нейтралдуу өлкөдө өтүшү зарыл эле. Окуя болгондо Өзбекстан дагы, Казакстан дагы ортомчу болууга даяр экенин билдирген. Жадагалса Улуттар Уюму дагы "жолугуп, маселени чечкиле" деп аянтча сунуштаган. Бул жерде бир сценарий жүрүп жатат. Ал биздин чечим эмес".

Аскар Бешимовдун пикиринде, бул жолугушуу негизинен Дүйшөмбүнүн кабак-кашына жараша өтөт. Ал тажик тарап буга чейин коңшусуна доомат-талабын айтып, шарт койгонуна токтолду.

Аскар Бешимов
Аскар Бешимов

"Буга чейин Рахмон Ворухка барганда ал жерлер эч качан берилбейт деген. Андан сырткары Ворух менен Тажикстандын ортосундагы Ак-Сай, Тамдык өңдүү кыргыз айылдарды 1924-жылдагы документтерге таянып "биздин жерибиз" деп ачык айтышкан. Акыркы учурда болсо бизге эки талап коюшкан, Алар "Головнойдогу" суу бөлүштүрүүгө катышуу кызыкчылыктарын айтып, Ворухка коридор сураган. Тажикстан бул талаптарынан баш тартпайт. Алардын биздин жерлерибизди өздөрүнүкү деп доомат артканы жана маселени күч менен чечүүгө даяр экени билинип калды. Эми ушундай жагдайда биздин аларга барганыбыз абдан чоң тобокелдик. Ушундай сапарлардын алдында бири-бирине ишеним артып, кызматташууну жогорку деңгээлге чыгарабыз деген ой болот да. Азыр эми кайсы достук, кайсы ишеним тууралуу сөз болот? Албетте сөзсүз сүйлөшүү керек. Бирок сүйлөшүүнүн дагы дипломатияда ыкмасы болот. Бүгүнкү күндө Москва кандай кепилдик бергени эми сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот".

Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова мындай жолугушуулардын коомчулукка ачык айтылбаган жагдайлары дагы болорун белгиледи.

Бактыгүл Каламбекова
Бактыгүл Каламбекова

"Эки тараптуу мамилелерде бирөө кадам ташташы керек, ал кадам таштай турган тарап эмнеге биз болушубуз керек деген суроо албетте чыгат. Анткени көбүрөөк жабыр тарткан тарап биз болдук деп жатабыз. Кандайдыр бир корутундуга келе электе "эмнеге барат?" дегендер да болушу мүмкүн. Бирок эми эл аралык мамилелер бул дайыма белгилүү жана белгисиз факторлордун тең салмагын сактоого жараша болот. Ошого мажбур болот. Эл аралык мамилелердин оң жагы дагы, колду байлаган жагы дагы ушул теңдемелер, балансты сактоо. Кээде чоң пайда үчүн кичине нерседен баш тартууга туура келет. Биз билбеген факторлордун эске алынып жатканын ойлошубуз керек. Биз баарын билбейбиз. Ошондуктан муну туура же туура эмес деп так кесе айтуу кыйын болот. Мамлекеттик иштерде бир киши чечим кабыл албайт, эмоция менен чечим кабыл алынбайт. Айрым учурда элдин калың катмарына жага бербеген чечимдер чыгып калат. Эгер мамлекет ошондой кадамга бара турган болсо мында бир жүйө бардыр, мунун артында бир жакшылык бардыр деп турушубуз керек болот".

Чек ара маселелерин иликтеп жүргөн кыргызстандык адис Хаитали Айкынов буга чейинки эки тараптуу ар кандай деңгээлдеги жолугушуулар, андан майнап-жыйынтык чыкпай келгенин кеп салды.

"Мекенчил пикирдеги адамдар президенттин сапарын туура эмес кабыл алып жатат. Буга чейинки жасалган аракеттердин натыйжасы жок болуп жатат. Биз эми аларга ашыкча шарт койгон жок болушубуз керек. Эми алардын ошондой кайсы бир шарттарга макул боло турган, мажбур болуп турган кырдаалды пайдаланып ,чек ара маселелерин чечип алса болот деген пикирлер бар. Жаңжалга эки айга жакын убакыт болсо деле бири-бирине ишенбестик, кооптонуу дагы деле турат".


Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Алардын экөө бала. Бир топ турак жай, социалдык объектилер жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кыргызстандык юристтер жай тургундарга каршы Дүйшөмбүнүн аракеттерине тергөө жүргүзүү өтүнүчү менен ушул айдын башында Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кат жолдоп, ал каттоого алынган.

Президент Садыр Жапаровдун администрациясы алардын мындай кадамын сынга алып, чек ара маселесинин "саясий-дипломатиялык жол менен чечилишине залакасын тийгизиши мүмкүн экенин" эскерткен.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG