Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Тажикстандан чыга албай калган айдоочулар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандын аймагында кыргызстандык айдоочулар айдаган ондой жүк ташуучу автоунаа кармалып турат.

Буга байланыштуу омбудсмен Токон Мамытов тажик акыйкатчысы Умед Бобозодага кат жолдоду.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кыргызстандык айдоочу Виталий Шульц тажик чек арачыларынын колунда "барымтада" турганын, жагдайды омбудсмен көзөмөлгө алганын билдирди.

Кыргызстандык айдоочу Виталий Шульц Өзбекстан менен Тажикстандын "Фотехобод" өткөрүү пунктундагы бажы бекетинде кармалып турганы 24-июнда белгилүү болгон. Ал Германиядан келе жатып 21-июнда Өзбекстан аркылуу Тажикстанга киргенде токтотулган. Тажикстандын Мамлекеттик бажы кызматы муну "Азаттык" радиосуна тастыктап, Шульцтун документинде мандем болгондуктан токтотулганын айткан.

Кийин Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги чек ара бекетинде кыргызстандык ондой жүк ташуучу автоунаа турганын билдирип, абал өзгөчө көзөмөлдө экенин маалымдаган.

Омбудсмен аппаратынын бөлүм башчысы Замир Өмүрзак уулу айдоочулар кабылган жагдай тууралуу акыйкатчы маалымат каражаттарынан укканын, дароо кошуна өлкөгө кат жолдоп, жооп күтүп жатканын айтты.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги болсо Өзбекстан аркылуу келе жатып Тажикстандын аймагына киргенде токтотулган кыргызстандык айдоочунун маселеси элчинин өзгөчө көзөмөлүндө экенин билдирди.

"23-24-июнда Тажикстандын өкмөтү менен айдоочулардын бул өлкөдөн чыгып кетиши боюнча сүйлөшүүлөр өтүп, улантылууда", - деди элчилик.

Элчиликтин маалыматында аталган чек ара бекетинде кыргызстандык ондой жүк ташуучу автоунаа токтоп турат.

Чек арадагы соңку куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан. Бирок коңшу өлкөнүн Бажы кызматы эл аралык каттамдагы кыргызстандык айдоочуларга чектөө жоктугун билдирген болчу.

24-июнда Кыргызстандын талааларында жалданып иштеш үчүн келаткан тажикстандык аялдарды жоокерлер менен кошо аймакты көзөмөлдөп турган элдик ыктыярдуу кошуундун өкүлдөрү өткөрбөй койгону кабарланган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 23-июнда кыргызстандык жаран Лейлек районунан бир канча тажик аялды "Портер" машинасы менен чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасаган. Элдик кошуун буга жол берген эмес.

28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун, үйлөр талкаланганын билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кырдаал курчуп турган учурда кыргыз президенти Садыр Жапаров менен тажик президенти Эмомали Рахмон эки ирет телефондон сүйлөшкөн. Андан бери эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери регионалдык уюмдардын алкагындагы жыйындарда гана жолугуп жатат.

Чек ара жаңжалынан көп өтпөй президент Жапаров Тажикстанга май айынын экинчи жарымында бара турганы кабарланган. Бирок 6-майда мамлекет башчысы Баткендин тургундары менен жолугушканда чек ара маселелери чечилмейинче, коңшу өлкөгө барбай турганын айткан. Садыр Жапаров Тажикстанга бара турганы 24-июнда расмий кабарланды. Бул маалымат коомчулукта бир катар сын пикирлерге жем таштады.

Жапаровдун Тажикстанга күтүлгөн сапары талкууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:15 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG