Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Лейлек: Элдик кошуун тажикстандык аялдарды өткөрбөй койду


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кыргыз жоокери.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кыргыз жоокери.

Кыргызстандын талааларында жалданып иштеш үчүн келаткан тажикстандык аялдарды Лейлек районундагы Элдик ыктыярдуу кошуундун өкүлдөрү өткөрбөй койду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 23-июнда кыргызстандык жаран бир канча тажик аялды "Портер" машинасы менен чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет жасаган. Элдик кошуун буга жол берген эмес.

Кыргыз-тажик чек арасында адамдардын өмүрү кыйылган соңку куралдуу кагылыштан соң эки өлкө ортосунда чек аралар жабык турат. Жаңжалдан соң чектеш аймактарды жоокерлер менен кошо элдик кошуундар да көзөмөлдөй баштаган.

Буга чейин айрым басылмалар тажикстандык аялдар тобу чек арадан мыйзамсыз өтүп, колго түшкөнү тууралуу видео жарыялашкан.

Жыл сайын кыргыз айылдарына тажикстандык кыз-келиндер келип иштешет. Жергиликтүү элдин айтымында, чек аралар ачык кезде, айрыкча талаа жумуштары кызыган учурда бир күндө 3000дей адам Кыргызстанга ишке өтөт, аларга күнүнө 500-600 сомдон төлөнөт. (SE\JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG