Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Беларуста видеоблогер Сергей Тихановскийдин соту жабык өтүүдө


Сергей Тихановский. Архивдик сүрөт
Сергей Тихановский. Архивдик сүрөт

Беларустун Гомель шаарында 24-июнда видеоблогер Сергей Тихановскийдин соту башталды. Убактылуу тергөө абагындагы процесс жабык өтүүдө. Анын иши боюнча саясатчы, президенттикке мурдагы талапкер Николай Статкевич, блогерлер Игорь Лосик менен Владимир Цыганович жана дагы бир нече киши айыпталууда. Бардыгы темир тор артында бир жылдан ашуун убакыт өткөрүштү. Алар былтыркы массалык акцияларга чейин кармалган. Активисттер 12-15 жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Тихановский былтыркы президенттик шайлоодо Александр Лукашенкого атаандаш болуп чыгуу ниетин билдиргенден кийин кармалган. Ага массалык баш аламандык уюштуруу, коомдук жек көрүүгө шыкактоо, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине тоскоолдук түзгөн деп айып тагылууда.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы жеринен маалымдагандай, сот өтүп жаткан имаратты жол кайгуул кызматкерлери жана полиция курчап турат. Жабык жайга кетчү жолдор бир күн мурда тосулган.

Европа биримдигине мүчө бир нече өлкөнүн дипломаттары Гомелге барышты. Бирок аларга сотко кирүүгө уруксат берилдиби же жокпу белгисиз. Жараянды мамлекеттик медианын гана өкүлдөрү чагылдырууда.

Сергей Тихановский былтыр майда кармалгандан кийин жубайы Светлана президенттикке ат салышууну чечип, каттоодон өткөн.

9-августтагы шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл көчөлөргө агылып, каршылык акциялары башталган. Алар өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Лукашенко добуш берүүнү жеңди деген сандар бурмаланганын, өнөктүктү Тихановская утканын айтып келишти. Митинчилерге каршы күч колдонуп, катышуучулар азыркыга чейин куугунтукталып келатат.

Ал окуялардан кийин эл аралык коомчулук Лукашенкого кысымын күчөткөн.

23-майда Афины-Вильнюс каттамында бараткан жүргүнчү учак истребителдин коштоосунда Минскиге кондурулгандан кийин борттогу оппозициялык журналист Роман Протасевич камакка алынган.

Ошондон кийин Евробиримдик, АКШ, Британия жана Канада Беларуска жаңы санкцияларды киргизди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG