Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Еврошаркет Орусия менен мамилени жакшыртууну талкуулайт


Евробиримдиктин жетекчилери Брюсселдеги саммитте Орусия менен жаңы стратегиялык мамилелерди талкуулашат. Франция жана Германиянын өкүлдөрү орус президенти Владимир Путин менен саммит өткөрүү демилгесин көтөрүштү. Муну менен начарлап кеткен мамилелерди калыбына келтирсе болору айтылды.

Бирок айрым дипломаттар мамилелер Путин менен жолугушууга чейин жакшыртылууга тийиш деген көз карашын билдиришти. Ал эми айрым мүчөлөр, өзгөчө Чыгыш Европанын өлкөлөрү Кремль менен сүйлөшүүлөргө чочулоо менен карашат.

Шаркет менен Москва бир катар суроолордо, атап айтканда Украина, Беларустагы окуялар, адам укуктары өңдүү маселелер боюнча эки башка позицияны карманышат.

Биримдиктин саммитинде ошондой эле Венгрия өткөн аптада кабыл алган ЛГБТ тууралуу мыйзам талкууланат. Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен мыйзам адамдарды сексуалдык багытына карап дискриминациялайт, Европа биримдигинин фундаменталдуу баалуулуктарына каршы келет деп билдирген.

Карама каршылыктуу документке ылайык, 18 жаштан кичүү өспүрүмдөр арасында гомосексуалдык, жынысты алмашытруу темаларын талкуулоого, пропагандалоого тыюу салынат. Бул нормалар педофилия үчүн жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга камтылды. Сынчылар муну кумсалыкты балдарга каршы кылмыштарга теңөө аракети деп баалашат.

Премьер-министр Виктор Орбан мыйзамды коргоп, ал балдар менен ата-энелердин укуктарын коргоого багытталганын, сексуалдык багытты тандоо укугуна тиешеси жоктугун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG