Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:10

Ошто пара алууга шектелген окутуучу үй камагына чыгарылды


Атайын кызмат жарыялаган видеодон алынган сүрөт.
Атайын кызмат жарыялаган видеодон алынган сүрөт.

Улуттук университеттин Ош филиалында пара алуу схемасын уюштурууга шектелип кармалган окутуучу 22-июнда үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

Анын айтымында, шектүү 22-июнда окуу жайдын Гуманитардык-табигый илимдер факультетинин деканы кызматынан убактылуу четтетилип, ошол эле күнү Ош шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган. Шектүүгө өлкө аймагынан соттун жана тергөөчүнүн уруксаты жок чыкпоо эскертилген.

"Сот шектүүнүн баш коргоо чарасын тандоодо Ош шаарында туруктуу жашаган жери бардыгын, жашы жете элек балдары бар жалгыз бой эне экенин жана кант диабети менен ооруй турганын эске алган", — деди ал.

УКМКнын маалыматы боюнча окуу жайдын жетекчилиги окутуучулар менен биргеликте сессияга жана мамлекеттик экзаменге кирүүгө уруксат алуу үчүн чет элдик студенттерден пара алуу схемасын түзүшкөн. Атайын кызмат шектүүнү 18-июнь күнү кармаган. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG