Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Кыргызстанда 100 000 жаран коронавируска каршы эмделди


Кыргызстанда 100 000 жаран коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алды. Алардын жарымы экинчи дозаны да алып бүтүп калды. Бул тууралуу 24-июнда "Азаттыкка" Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Учурда өлкөдө 65 жаштан өткөн жарандар Орусиянын "Спутник-V" вакцинасы менен эмделүүдө. 18ден 65 жашка чейинкилерге сайылчу Кытайдын Sinopharm препараты түгөнгөн. ЮНИСЕФ эл аралык уюму аркылуу жакын арада дагы 75 миң кытай вакцинасы алып келинери расмий кабарланган.

Андан тышкары, алдыдагы айларда эл аралык COVAX программасынын алкагында Astra Zeneca вакцинасынын 210 миң дозасы келет.

Вакцина бир адамга эки дозада сайылат, биринчи жана экинчи эмдөөнүн ортосу - 21 күн.

Соңку бир суткада Кыргызстанда дагы 822 кишиге коронавирус жугуп, беш бейтап көз жумду. Ооруканада жаткан 2600дөн көбүрөөк адамдын 900дөн ашуун адамдын абалы оор.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлагандай, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий эсеби 24-июнда 118 106 кишиге жетти. Алардын 107 миңге жакыны айыгып, 1 958и каза болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун жер жүзүндө коронавирус жуккандардын саны 180 миллионго жакындап калганын билдирди. Эки миллиарддан көп адам эмделди. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG