Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:58

ДССУ балдарды коронавируска каршы эмдесе болорун билдирди


14 жаштагы өспүрүм COVID-19дан эмделүүдө. Бухарест, июнь, 2021-жыл.
14 жаштагы өспүрүм COVID-19дан эмделүүдө. Бухарест, июнь, 2021-жыл.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму балдарды COVID-19 илдетинен эмдесе болорун билдирди. Жаңыланган маалымат уюмдун сайтында жарык көрдү. Апта башында дүйнөлүк уюм балдар менен өспүрүмдөрдү коронавируска каршы эмдөөгө болбойт деп айтып келген. Анткени, вакцинанын бул топко кандай таасир этери тууралуу жетиштүү изилдөөлөр жок.

Жаңыланган сунуштарда 12 жаштан чоң балдарды Pfizer препараты менен эмдесе болоору айтылат. Мындай бүтүмгө Эксперттердин стратегиялык кенешме тобу келди.

Муну менен катар уюм балдар үчүн вакциналар сыноодон өтүп жатканын, сунуштар эпидемилогиялык абалга жараша жаңыланып турарын белгиледи.

Ошол эле маалда Европанын дары-дармектерди тескеген агенттиги май айында коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды 12-15 жаштагы өспүрүмдөргө саюуну жактырган.

Ушул аптада орусиялык “Спутник V" вакцинасын иштеп чыккан илимий институт балдардын үстүнөн клиникалык сыноо жүргүзүүгө уруксат сурап, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылды. Сыноого 350 өспүрүм катышмакчы. Аларга чоңдорго караганда вакцинанын азырак дозасы сайылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG