Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Адвокат: Тажикстан уйгурларды Кытайга өткөрүп берген


Уйгур жамаатынын укугун коргогон адвокаттар Эл аралык Кылмыш сотуна Тажикстандын бозгундагы мусулман тектүү адамдарды Кытайга кайтарууга көмөктөшкөнү боюнча жаңы далилдерди жолдоду.

Эл аралык соттун кеңсесине келип түшкөн документте Тажикстан менен катар Камбоджа да көрсөтүлгөн. Түштүк Азиядагы бул өлкө да уйгур улутундагы адамдарды кармап, Кытайга экстрадициялап турган деп шек саналууда.

Тажикстан менен Камбоджа Эл аралык Кылмыш сотунун мүчөсү. Ал эми Кытай болсо бул уюмга кошулган эмес. Ошондуктан, эл аралык уюм бул өлкөнүн аймагынан келген кайрылууларды изилдей албай келет.

Кытайда куугунтукка туш болгон уйгурлардын укугун коргогон адвокаттардын бири Родни Диксон мындай деди.

“Кытай Эл аралык Кылмыш сотуна мүчө эмес болгондуктан иликтөөлөр жүрбөй келген. Азыр болсо Эл аралык кылмыш соту өз иликтөөсүн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген укуктук каналдар пайда болду”, - деп билдирди.

Адвокат мындай иликтөө алгач Тажикстанда башталышы керектигин белгилеген.

"Бозгундагы Чыгыш Түркстандын өкмөтү" деп аталган уюм соңку жылдары дал ушул Тажикстандын аймагында Кытай бийлиги уйгур тектүүлөрдү кармап, депортациялаганын жарыялады. Айрым адамдар мындан кийин дайынсыз кеткен.

Эл аралык Кылмыш сотунун кеңсесине берилген далилдер арасында “Кытайдын коомдук коопсуздук бюросунун Тажикстандагы өкүлдөрү уйгурлар жашаган жана иштеген аймактарга тажик милициясын рейддерди жүргүзүүгө жөнөтүп турганы” айтылат.

Андан соң “маселеси бар” уйгурларды Кытайга экстрадициялап турушкан. Анда да эл аралык коомчулуктун көңүлүн жазгыруу үчүн экстрадиция болгон адамдардын саны ондон ашырылбаганы белгиленген.

Уюм соңку 10-15 жыл ичинде Тажикстанда жашаган уйгурлардын саны кескин азайганына көңүл бурган. Буга чейин 3 миңге жакын уйгур болсо, азыркы маалда жүздөйү эле калган. Алардын көпчүлүгү 2016-2018-жылдары Тажикстандан чыгып кеткен.

Ошондой эле Түркиядагы уйгур тектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоого Тажикстан да катышканы айтылып келет. “Эркин Азия” радиосу 2019-жылы кеминде үч этникалык уйгур Түркиядан Тажикстан аркылуу Кытайга жеткирилгенин жазып чыккан. Андай тагдырга туш болгондордун бири Зиннетгүл Турсун аттуу аял.

Ал 2019-жылы июлда Түркиянын Измир шаарында эки кичинекей кызы менен кармалып, Дүйшөмбүгө алып келинген. Кийин анын Кытайга күч менен жөнөтүлгөнү кабарланган.

Мындан сырткары Стамбулдан Дүйшөмбүгө жеткирилип, кийин Кытайга өткөрүлгөн дагы беш уйгур улутундагы адамдын тагдыры белгисиз. “Азаттык” радиосунун тажик кызматы бул тууралуу расмий органдарга кайрылып, бирок жооп ала алган эмес.

Уйгурлардын укугун коргогон адвокаттар алгач Эл аралык Кылмыш сотуна 2020-жылдын июль айында кайрылган. Анда "иликтөө баштоо үчүн кошумча далилдер керек" деген жооп алышкан. Эми юристтер кайрылуусун далилдер менен бекемдеп, кайра тапшырды. Бул жолу алар эл аралык уюм иликтөөсүн баштайт деген ишенимде турушат.

Кытайдын батышындагы Шинжаң аймагында жашаган уйгурлардын ичинен бери дегенде бир миллиондой киши, алардан башка казак, кыргыз сыяктуу этностук азчылыктардын миңдеген өкүлдөрү, тарбия лагерлеринде азап тартып жатканын укук коргоочулар айтып келишет.

Анын ичинде жүз миңдеген адамды «кайра тарбиялоо лагерлеринде кармап, коммунисттик режимдин атрибуттарын, кытай тилин мажбурлап окутуп жатканы» ачыкка чыккан. АКШ, Канада баштаган бир нече өлкө буга чейин Бээжиндин Шинжаңдагы саясатын геноцидге салыштырган.

Расмий Бээжин куугунтук тууралуу четке кагып, кайра тарбиялоо лагерлерин “кесипке үйрөткөн борборлор” деп сыпаттайт.

Борбор Азияда өлкөлөр ичинен Казакстанда Кытайдан көчүп келген казактардын Бээжинден алардын жакындарына карата репрессияны токтотууну талап кылган нааразылык иш-чаралары байма-бай өтүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG