Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

HRW: Шинжаңда адамзатка каршы кылмыш болгон


Шинжаңдагы Кытай "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп мүнөздөгөн лагерлердин биринин жанындагы полиция кызматкери, 4-сентябрь 2018-жыл.
Шинжаңдагы Кытай "кесипке үйрөтүүчү борборлор" деп мүнөздөгөн лагерлердин биринин жанындагы полиция кызматкери, 4-сентябрь 2018-жыл.

"Human Rights Watch" уюму Кытай бийлиги Шинжаң аймагында адамзатка каршы кылмыштарга барганын билдирди. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм мындай баяндамасын 19-апрелде жарыялады. Расмий Бээжин Шинжаңда уйгур, казак жана кыргыз ж.б. мусулман жамааттарынын укугу бузулганын четке кагып келет.

Кытайдын коммунисттик бийлиги Шинжаң-Уйгур автоном районундагы (ШУАР) түрк тектүү калкты жапырт камакка алуу, кыйноо, маданий өзгөчөлүктөрүнө карата куугунтуктоо сыяктуу бир катар укук бузууларга жооптуу.

Бул тууралуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму Шинжаңдагы кырдаал жөнүндө 19-апрелде жарыялаган баяндамасында билдирди.

Уюм "Ата-тегин жана уруусун сындыруу: Кытайдын уйгурларды жана башка түрк тектүү мусулмандарды бутага алган адамзатка каршы кылмыштары" аттуу 53 беттен турган баяндамасын Стэнфорд укук мектеби менен чогуу даярдаган.

Анда Шинжаңдын тургундарынын соттун чечими жок камакка алынганы, айрымдарынын дайынсыз жоголгону, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-биринен ажыратылганы, кара жумушка айдалганы жана сексуалдык зомбулукка кабылганы тууралуу бир топ фактылар документтештирилген.

Баяндамада Шинжаңда жергиликтүү мусулман жамааттарынын маданий жана диний өзгөчөлүктөрүн жок кылуу аракети жүрүп жатканы, алардын балалуу болуу укугу бузулуп жатканы да белгиленген.

"Кыйноо аракеттеринин арасында соттун чечими жок кармалгандарды колу-буту үстөлгө байланган абалда электрошокер менен суракка алуу жана сабоо, узак убакытка жалгыз камерага камап коюу, сексуалдык ыдык көрсөтүү, тамак-аш жана суу бербөө сыяктуу көрүнүштөр бар", - деп айтылат баяндамада.

Түркиянын Стамбул шаарында Кытайдын саясатына каршылык билдирген этникалык уйгурлар, 1-октябрь 2020-жыл.
Түркиянын Стамбул шаарында Кытайдын саясатына каршылык билдирген этникалык уйгурлар, 1-октябрь 2020-жыл.

Ошондой укук коргоо уюму белгилегендей, Шинжаңда мечиттер жана улуттук маданий жайлар бузулуп, түрк тектүү мусулман аялдар стерилизациядан өтүүгө мажбурланууда жана "саясий тарбия лагерлеринин" ичиндеги жана анын тышындагы элге башка ишенимдер жана маалыматтар таңууланып жатат.

"Human Rights Watch" уюмунун Кытай боюнча директору Софи Ричардсон расмий Бээжин Шинжаңдагы мусулман жамааттарын системалуу түрдө куугунтукка алганын айтты.

"Бээжин элди "кесипке үйрөтүү" жана "дерадикализация" менен алектенип жатканын айтат. Бирок мындай риторика адамзатка каршы кылмыштардын реалдуулугун жаап-жашыра албайт", - деди Ричардсон.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" аттыккан жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет. Мындай маалыматтарды Шинжаңдан Казакстанга жана Кыргызстанга жер которуп келген этникалык казак-кыргыздар да ырасташкан.

Казакстандын Алматы шаарында Шинжаңдагы жакындарынын бошотулушун талап кылгандар, 9-апрель 2021-жыл.
Казакстандын Алматы шаарында Шинжаңдагы жакындарынын бошотулушун талап кылгандар, 9-апрель 2021-жыл.

АКШнын бийлик өкүлдөрү Кытайдын Шинжаңдагы уйгурларга жасаган мамилесин "геноцидге" теңеген. 30-мартта Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да Мамлекеттик департаменттин дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу баяндамасын жарыялап жатып, Шинжаң маселесине токтолгон.

"Бүгүн жарык көргөн баяндама адам укуктары жаатындагы тенденциялар жаңылыш багытта баратканын көргөздү. Дүйнөнүн бардык чөлкөмүндө ушундай көрүнүш өкүм сүргөнүн байкадык. Биз мындайды Шинжаңдагы көбүнчө мусулман уйгурларды жана башка этникалык, диний топторду бутага алган геноцидден да көрүп жатабыз", - деп билдирген Блинкен.

Бирок Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат. Ошондой эле Шинжаңдагы чараларды экстремизмди ооздуктоо аракети менен түшүндүрүп жүрөт.

"Өкмөт кабыл алган чаралар оң жыйынтыктарга алып келди жана Шинжаң төрт жылдан бери террорчул окуялардан арылды. Шинжаңдагы бардык этникалык топтор көп эмгек менен келген туруктуулукту кадырлашат", - деп билдирген 16-апрелде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чжао Лицзянь.

Кантсе да "Human Rights Watch" уюмунун жана Стэнфорд укук мектебинин эксперттери эл аралык коомчулукту Кытайдагы укук бузууларга каршы жапырт аракетке өтүүгө чакырууда. Алар Шинжаңдагы адамзатка каршы кылмыштарга барган жетекчилерге санкция жана визалык чектөө киргизүүнү сунуштап жатышат.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG