Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:33

Жакындары Кытайда кармалып турган адам Назарбаевге кайрылды


Казакстан. Нур-Султан шаары. Алматанын тургуну Женис Заркан Кытайда калып кеткен үй-бүлөсүн кайтарууну суранып, Нурсултан Назарбаевге кайрылды.
Казакстан. Нур-Султан шаары. Алматанын тургуну Женис Заркан Кытайда калып кеткен үй-бүлөсүн кайтарууну суранып, Нурсултан Назарбаевге кайрылды.

Казакстандын Алматы шаарынын тургуну Женис Заркан жубайы жана уулу үч жылдан бери Кытайдын Шинжаң аймагынан чыга албай жатканын айтып, буга байланыштуу «Нур Отан» партиясынын борбордук кеңсесине арыз менен кайрылды.

Женис Заркан анын үй-бүлөсүн бириктирүүгө көмөктөшүү үчүн Казакстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылып, бирок бир жарым жылдан бери андан майнап чыкпаганын белгилеген. Ошондуктан ал бул маселеге Нурсултан Назарбаевдин жеке кийлигишүүсү керек болуп жатканын айтты.

Бул маселени жөнгө салууну өтүнүп, 5-апрелде аталган жаран Казакстандын Тышкы иштер министрлигине барган. Бирок анда дагы Кытай тарап үн катпай жатканын белгилеп, мындан үч жыл мурун Женис Зарканга берилген жоопту кайталашкан.

Ошондуктан ал "Нур Отан" партиясынын кеңсесине барып, партиянын төрагасы, туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин наамына арыз жазды. Бул жолу «Нур Отан» партиясынын борбордук кеңсеси аталган жарандын арызын кабыл алды.

Алматынын тургуну Женис Заркандын жубайы, Казакстанда жашоо укугун алган Сауле Мелтай кызы 2017-жылы Кытайга уулун көргөнү барып, ошол бойдон ал жактан чыга албай калганын «Азаттыктын» казак кызматы жазган. Анткени жергиликтүү полиция анын документтерин алып коюп, анын өлкөдөн кайра артка чыгышына мүмкүнчүлүк берген эмес. Ал бир жылын Шинжаңдагы "кайра тарбиялоо лагеринде" өткөрүп, ал жактан аял оорукчан болуп чыккан.

Кытайда соңку жылдары башка улуттагы азчылыктын өкүлдөрүн кодулоо орун алып, аларды "саясий кайра тарбиялоо лагерлерине" мажбурлап жиберген учурлар көбөйгөнүн Бириккен Улуттар Уюму да бир нече жолу айткан.

Буга байланыштуу Казакстанда Кытайдан көчүп келген казактардын Бээжинден алардын жакындарына карата репрессияны токтотууну талап кылган нааразылык иш-чаралары байма-бай өтүп келе жатат.

XS
SM
MD
LG