Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 00:12

Бээжин Гонконгдогу өктөм саясатын күчөттү


Кытай бийлиги аймактын өз алдынчалыгын чектегенине каршы  Гонконгдо калайман нааразылык акциялары, 2019-жыл.

Кытай Гонконгдун негизги мыйзамын өзгөртүү менен шайлоо системасын алмаштырып, «Гонконгду патриоттор башкарышы керек» деген принципке өттү. 

30-мартта Кытайдын жогорку мыйзам чыгаруучу органы - Эл өкүлдөр бүткүл кытайлык жыйыны Гонконгдун негизги мыйзамын өзгөртүп, шайлоо системасын реформалоону бир добуштан колдоп, кийин кытай лидери Си Цзинпин ага кол койгону маалымдалды.

Бул тууралуу жарыялаган Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин Гонконгдо шайлоо системасын өзгөртүү «Кытай элинин мүдөөсүнө туура келет» деп, Бээжиндин ички иштерине кийлигишүүгө же басым жасоо аракеттерине жол берилбестигин белгиледи.

«Бул реформа «бир өлкө, эки система» саясатын так жана толук аткарууга, Гонконгду патриоттор башкарат деген принципти карманууга жана Гонконгдо узак мөөнөттүү туруктуулукту сактоо үчүн керектүү ачык институттук системаны камсыздайт. Бул кытай элинин, анын ичинде Гонконгдогу мекендештердин мүдөөсү».

Хуа Чуньин
Хуа Чуньин

Гонконгдун 1997-жылкы Баш мыйзамы Кытайдын карамагында «өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген, ички саясатын өзү жөндөгөн атайын аймак» катары макамын сактап келген.

Эми кытай бийлиги Гонконгдун аткаруу комитетин, парламентин шайлоо системасын өзгөртүү менен аймакты толук көзөмөлдөөгө өтүп жатат.

Жаңы мыйзамга ылайык Гонконгдун 70 орундуу парламенти 90го чейин көбөйтүлөт. Анда 40 депутат Бээжиндин саясатын жүргүзгөн жана шаар башчысын дайындоого укугу бар Шайлоо комитети тарабынан тандалат. Дагы 30 депутатты атайын кызыкчылыктар же тармактар боюнча бөлүнгөн топтордун өкүлдөрүнөн турган органдар көрсөтөт. Мындай күчтөр Бээжинге ыктаган саясаты менен белгилүү. Ошентип шаардыктар 20 депутатты гана өздөрү шайлап калышат.

Мындан тышкары Шайлоо комитети парламентке бараткан тарапкерлерди текшерип, алардын ичинен тандап алуу укугуна ээ болот.

Гонконгдогу Бээжиндин кийлигишүүсүнө каршы жүрүштөр, 2019-жыл
Гонконгдогу Бээжиндин кийлигишүүсүнө каршы жүрүштөр, 2019-жыл

Саясий серепчилер азыртадан эле Бээжиндин реформасы «Гонконгдогу парламентиндеги оппозициячыларды сүрүп чыгарууга багытталганын» белгилеп жатышат. Ансыз да Гонконгдо демократиячыл активисттер менен оппозицияга карата басым күчөп турган маал.

«Бул тарыхый күн. Анткени, өтө чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Бул Гонконгдо демократиянын артка чегиниши. Бээжин Гонконгдогу шайлоо процесстерин мурункудан да катаал көзөмөлгө алганы камынууда», - дейт Гонконг университетинин профессору Ма Нгок.

Кытайды Шинжаңдагы этностук азчылыктарга кысымы, Гонконг менен Тайвандагы өктөм саясаты үчүн айыптаган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Бээжиндин реформаларын «автономияга чабуул» деп баалап, Вашингтон демократиялык принциптерди бузуп жатканы үчүн Бээжинге чара көрөрүн белгилеген.

Британия да мурунку отордук аймагы – Гонконгго убада кылынган «эркиндиктерге кол салып жатат» деп Бээжинди айыптаган.

Кытайдын парламенти Гонконгдун мыйзам чыгаруу системасын, аткаруу бийлиги шайлоо ыкмасын өзгөртүү керектигин марттын башында талкуулай баштаган. Анда азыркы система «стабилдүүлүккө доо кетирип, аймактын эгемендиги үчүн күрөшкө жол ачканы» айтылган.

Анда курамына Франция, Германия, Италия, Канада, АКШ жана Жапония кирген «Чоң жетилик» тобу менен Европа Биримдиги Бээжиндин саясатын «Кытай бийлигинин Гонконгдогу каршы үндөрдү биротоло басууга бет алганын көрсөтөт» деп баалашкан.

Бээжин Гонконгду «бир өлкө, эки система» формуласына ылайык башкарууга, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берүүгө убада берген.

2019-жылы кытай бийлиги аймактын эгемендигин чектегенине каршы Гонконгдо калайман нааразылык акциялары башталган. Көбүнчө тоз-тополоң менен коштолгон демонстрациялар коронавирус пандемиясы башталып, айрым чектөөлөр киргенде басаңдаган.

Былтыр июнда Бээжин Гонконгдо улуттук коопсуздук тууралуу мыйзам кабыл алган. Анын жыйынтыгында демократиячыл саясатчылар менен активисттер куугунтукка кабылып, мыйзам чыгаруу укуктарынан ажыратылган. Аймактагы оппозициялык күчтөр, Батыш мамлекеттери анда да бул документ шаардын автономиясы тууралуу буга чейинки келишимдерге шек келтирет деп айыпташкан.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Тектеш

XS
SM
MD
LG