Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Кытай парламенти Гонконг боюнча талаштуу мыйзамды кабыл алды


Бээжиндин улуттук коопсуздук боюнча мыйзамына каршы акциядан бир көрүнүш. 24-май, 2020-жыл.
Бээжиндин улуттук коопсуздук боюнча мыйзамына каршы акциядан бир көрүнүш. 24-май, 2020-жыл.

30-июндагы жыйынында Кытай парламенти Гонконгдун улуттук коопсуздугу боюнча мыйзамды бир добуштан колдоду.

Тийиштүү мыйзамды кабыл алуу каралып жатканда Гонконгдо каршылык акциялары өттү. Миңдеген адам катышкан мындай акциялар пандемияга карабай буга чейин да өткөн. Нааразылар Бээжин саясий куугунтукту күчөтүп, ой-пикирди эркин айтуу мүмкүнчүлүгүн чектейт, натыйжада Гонконг автономия болуудан калат деп тынчсызданууда.

Гонконгдуктар өткөн жылы да Бээжиндин саясатына каршы айлап созулган митингдерди өткөрүшкөн. Тийиштүү коопсуздук боюнча мыйзамы ошондон кийин демилгеленген. Бээжин аны автономия аймагындагы жикчилдикке, бөлүп-жарууга, козголоңго шыкак берүүгө, террордук аракеттерге жана чет элдик кийлигишүүгө каршы деп түшүндүрүүдө. Ошондой эле жаңы эреже Кытайдын чалгын кызматтарынын аймакта иш алып барышына жол ачат.

Мыйзам эми Гонконг бийлиги каттоодон өткөргөн соң күчүнө кирет. Гонконг администрация башчысы Кэрри Лам Коммунисттик партиянын демилгесин колдоодо.

Кытайдын Гонконг автономиясына байланыштуу жаңы мыйзамын эл аралык укук коргоочулар, батыш өлкөлөрү сындап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG