Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Гонконгдогу демократ активисттер түрмөгө кесилди


Активисттер Жошуа Воң менен Агнес Чоу сот имаратынан чыгып жаткан учуру.
Активисттер Жошуа Воң менен Агнес Чоу сот имаратынан чыгып жаткан учуру.

Гонконгдогу демократ-активисттер Жошуа Воң, Агнес Чоу жана Иван Лам былтыр өкмөткө каршы уруксатсыз акцияларга катышкан деген айып менен түрмөгө кесилди. Ага ылайык, оппозициячыл активист Воң 13, 5 айга эркинен ажыратылды. Ал былтыркы акцияларды уюштурган жана катышкан деп табылды. Ал эми бул акцияларга жигердүү катышкан Чоу 10 ай, Лам жети ай түрмөдө болот.

Кытайдын бийлиги жарым-жартылай автономия болуп саналган Гонконгго көзөмөлдү былтыркы акциялардан соң күчөткөн.

Кытайдын өзгөчө макамдагы бул административдик аймагындагы демонстрациялар 2019-жылы июнь айында Кытайга кылмышкерлерди экстрадициялоого жол ачкан мыйзамга каршы өткөн.

Гонконгдун бийлиги бул мыйзамды белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алганына карабай нааразы болгондор андан биротоло баш тартууну талап кылышкан.

Кытай бийлиги демонстранттарды кескин сынга алып, алардын жүрүм-турумун «террорчулукка жакын» деп мүнөздөгөн болчу.

1997-жылы Гонконг Британиянын үстөмдүгүнөн бошонуп, Кытайдын башкаруусуна кайтарылган. Ортодогу макулдашууга ылайык, Бээжин Гонконгдун ички саясатына, анын ичинде сот чечимдерине да кийлигишпеши керек. Бирок гонконгдуктар 20 жылдан ашуун убакыт ичинде Кытайдын Коммунисттик партиясы макулдашууну бир канча ирет бузганын айтышкан болчу.

XS
SM
MD
LG