Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Гонконгдун бээжинчил аткаминери “британдык жетекчилик” ролду четке какты


Гонконг шаарындагы демократиячыл саясатчы Лестер Шум коопсуздук кызматкерлери тарабынан камакка алынууда. 2021-жылдын 6-январы.
Гонконг шаарындагы демократиячыл саясатчы Лестер Шум коопсуздук кызматкерлери тарабынан камакка алынууда. 2021-жылдын 6-январы.

КЭРдин Гонконг аймагынын Адилет министри 30-январда расмий Бээжиндин турумуна ылайык келген билдирүү жасады жана Улуу Британия өзүнүн мурдагы отордук аймагынын азыркы тапта кандайча башкарылып жаткандыгы маселеси боюнча эч кандай көзөмөл жүргүзүүгө же башка укуктук макамга ээ эмес, деп таасын белгиледи.

Гонконг аймагынын Адилет министри Тереза Чеңг өзүнүн жарыялаган блогунда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Гонконгдогу мурдагы комиссары Ше Феңгдин 1997-жылы Гонконг Кытайга толук кайтарылгандан кийинки мезгилде "Улуу Британиянын Гонконгго карата эч кандай эгемендик, укук макамына же “үстөмөндүк” укугуна ээ эмес"деп айткан сөзүнө маанилеш пикирин билдирди.

Бул билдирүүдөн саал мурдараак Кытай бийликтери Гонконгдогу тургундарга берилип келген британдык жарандык паспортторду таануу боюнча бир нече ондогон жылдар мурдагы эрежени жокко чыгара тургандыгын айткан.
Кытайлык бул кадам расмий Лондондун гонконгдук тургундарга Британияга келип жашоого, окууга жана эмгектенүүгө, акыры Улуу Британиянын жарандыгын биротоло алууга жеңилдик жаратуу тууралуу чечимине карата жооп болду.


Расмий Бээжин былтыр июнда Гонконгдо коопсуздук жаатындагы жаңы мыйзамды киргизген соң, расмий Лондон дээрлик 3 миллиондой гонконгдук тургунга “Чет өлкөдөгү британдык жаран” деген паспортту сунуш кылган.
Бээжин болсо “Чет өлкөдөгү британдык жаран” деген паспортту 2021-жылдын 31-январынан тартып расмий тааныбай тургандыгын жакында жарыялаган.
Январдын башында Гонконг полициясы оппозициячыл ишмер катары белгилүү 53 кишини кармагандыгын маалымдаган.

Батыш өлкөлөрү Кытайдагы адам укуктарынын бузулушу, Гонконгдогу нааразылык жыйындардын ырайымсыз басылышы, Шинжаң Уйгур автоном районундагы этностук азчылыктардын басмырланышы менен байланыштуу Кытай бийлигин кескин сындоодо жана АКШ Кытайга айрым чектөөлөрүн киргизген. (TT)

XS
SM
MD
LG