Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:50

Батыш Гонконгдогу оппозициячыл депутаттардан улам Кытайды айыптады


Өткөн аптада Бээжин дайындаган Гонконгдун администрациясы төрт оппозициячыл депутатты Мыйзам чыгаруу кеңешинен чыгарган.
Өткөн аптада Бээжин дайындаган Гонконгдун администрациясы төрт оппозициячыл депутатты Мыйзам чыгаруу кеңешинен чыгарган.

АКШ, Британия, Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Бээжинден Гонконгдогу оппозициячыл маанайдагы депутаттарга каршы куугунтукту токтотууну талап кылды. «Беш көз» деген ат менен таанымал Батыш өлкөлөрүнүн өнөктөштүгү 18-ноябрда тараткан билдирүүдө Бээжин бул аймакты Британиядан өткөрүп алгандагы эл аралык милдеттенмелерди бузуп жатканы айтылат.

«Биз Кытайдан Гонконг элинин өз өкүлдөрүн Биргелешкен декларацияга жана Негизги мыйзамга ылайык шайлап алуу укугун чектөөсүн токтотууга чакырабыз. Биз Кытайдын борбордук бийлигин Гонконгдун шайлоо органы боюнча аракеттерин кайра карап чыгууга, Мыйзам чыгаруу кеңешинин өкүлдөрүн кайра кызматка коюуга көптөн-көп үндөйбүз», деп айтылат билдирүүдө.

Өткөн аптада Бээжин дайындаган Гонконгдун администрациясы төрт оппозициячыл депутатты Мыйзам чыгаруу кеңешинен чыгарган. Аларга тилектештик кылып кеңештеги демократиялык кыймылдын калган өкүлдөрү да иш таштаган.

Анын алдында Бээжинде Гонконгдун Мыйзам чыгаруу кеңешинин мүчөлөрү ириде мекенчил болушу керек деген юридикалык негизги талап коюлган жаңы резолюция кабыл алган.

Британиянын колониясы болуп келген бул аймак 1997-жылы өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөн. Бээжин Гонконгду «бир өлкө, эки система» формуласына ылайык башкарууга, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берүүгө убада берген.

Ушул жайда Гонконгдун улуттук коопсуздугуна байланыштуу жаңы мыйзам кабыл алынган жана аны Кытай аймактагы жикчилдикке, терроризмге, козголоңго жана чет элдик кийлигишүүгө каршы деп чечмелеген. Бул Гонконгдо эркиндикти жана укуктарды чектөө катары кабыл алынып, нааразылык жараткан.

XS
SM
MD
LG