Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Гонконгдо улуттук коопсуздук боюнча мыйзам күчүнө кирди


Полиция демонстранттарды кармап кетүүдө. 1-июль, 2020-жыл.
Полиция демонстранттарды кармап кетүүдө. 1-июль, 2020-жыл.

Гонконгдо улуттук коопсуздук боюнча Бээжин кабыл алган мыйзам 1-июлдан тартып күчүнө кирди. Борбордук бийлик тийиштүү эрежени аймактагы жикчилдикке, терроризмге, козголоңго жана чет элдик кийлигишүүгө каршы деп чечмелеп, мыйзамды бузгандар өмүр бою түрмөгө кесилиши ыктымал экенин белгилеген.

Бул күн Гонконг Британиянын карамагынан чыгып, Кытайдын таасирине өткөн күнгө туш келди. 1997-жылы 1-июлда Гонконг өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген, ички саясатын өзү жөндөгөн атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөн.

Ушул күндү белгилеп, коопсуздук мыйзамына каршы чыккан гонконгдуктарды полиция кармап жатат. Алардын арасында «Эркин Гонконг»​ деген жазуусу бар футболка кийген демонстрант соцтармактарда жана айрым маалымат каражаттарында жаңы мыйзамга ылайык кармалган биринчи адам катары сыпатталууда.

Кытайдын жаңы мыйзамына каршы буга чейин да Гонконгдо миңдеген адам нааразылык жүрүштөрүнө чыккан. Алар коопсуздук мыйзамы демократия менен адам укуктарын бузуп, Бээжиндин саясий куугунтукту күчөтүшүнө, ой-пикирди эркин айтуу мүмкүнчүлүгүн чектөөсүнө алып келет, Гонконг автономия болуудан калат деп тынчсызданышат.

30-июнда аталган мыйзамды Кытайдын парламенти кабыл алган. Бул күндү «кайгылуу күн» деп баалаган АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео тийиштүү чаралар көрүлөрүн Бээжинге эскерткен. «Кытай өзүнүн авторитардык кучагына Гонконгду имерип жатканда Кошмо Штаттар карап отурбайт», - деп билдирген ал.

XS
SM
MD
LG