Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Гонконг: кожоюну камалган гезит күрөштү улантат


 Apple Daily гезитинин 11-августтагы саны
Apple Daily гезитинин 11-августтагы саны

Гонконг полициясы дүйшөмбү күнү коопсуздук жөнүндөгү жаңы мыйзамды бузганы үчүн он кишини, арасында белгилүү бизнесменди камакка алды.

Токио Гонконгдо жаңы мыйзамдын алкагында жүргөн камакка алууларга катуу тынчсызданат. Бул тууралуу 11-августта жапон өкмөтүнүн басма сөз катчысы Йошихиде Суго билдирди.

"Биз буга чейин ар дайым белгилеп келгендей, Гонконг Жапониянын абдан маанилүү өнөктөшү. Биздин тыгыз экономикалык жана башка байланыштарыбыз бар. "Бир өлкө эки система" эрежесине ылайык, Гонконгдун эркин жана ачык системаны сактаганы, демократиялык жол менен өнүккөнү маанилүү. Бул жагынан Жапониянын позициясы өзгөргөн жок".

Алдыңкы күнү улуттук коопсуздук жөнүндөгү жаңы мыйзамды бузганы үчүн он кишинин камакка алынганы кабарланган. Полициянын маалыматына ылайык, камакка алынгандардын алтоо чет өлкөлүк же ички элементтер менен улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген сүйлөшүүлөргө барган деп шек саналууда. Калгандары көз боёмочулук максаты менен кутум уюштурган деп кармалды.

Тартип коргоочулар бутага алган топ чет мамлекеттерди улуттук коопсуздук жөнүндөгү мыйзамга байланыштуу Гонконгго каршы санкция киргизүүгө чакырып келген.

Кимдер камалганын полиция кабарлаган жок. Жергиликтүү маалымат каражаттары алардын арасында белгилүү ишкер, популярдуу "Apple Daily" басылмасынын кожоюну Жимми Лай жана эки уулу, компаниясынын бир нече кызматкери жана "Демозисто" саясий уюмунун мурдгы мүчөсү Агнес Чоу Тинг бар экенин жазышты.

Лай демократиялык кыймылдын активдүү мүчөсү, жергиликтүү бийликтин жана Бээжиндин оппоненти катары белгилүү. Полиция ага таандык "Next Digital" холдингдин кеңсесинде тинтүү жүргүзгөнү кабарланды.

Англис тилинде чыкчу "Global Times" гезити Лайды "козголоңчуларды шыкактаган, административдик аймактын жетекчилигине жана Кытайга каршы жек көрүү сезимин козутуп, аларды жылдар бою каралап жүргөн «саткын» деп атады. Бизнесмен сепаратизмге үндөгөн жана мамлекетке каршы аракеттенген деп айыпталууда.

Июндун соңунда күчүнө кирген жаңы мыйзам боюнча Лай өмүрүнүн аягына чейин кесилиши ыктымал.

Жимми Лай
Жимми Лай

Шейшембиде "Apple Daily" гезити баш барагына колуна кишен салынган бизнесмендин сүрөтүн жарыялап, «күрөш уланарын» жазды. Эртеден бери басылманы сатып алуу үчүн узун кезек пайда болду. Адатта күнүнө жүз миң нуска чыкса, бул ирет тиражы 500 миңден ашты.

Сөз болгон мыйзам 30-июнда Кытай улуттук элдик конгрессинин сессиясында бир добуштан жактырылган. Документке ылайык, бөлүнүүнү жактагандар, мамлекеттик бийликке баш ийбегендер, чет өлкөлүк күчтөр менен байланышта болгондор кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Бир катар Батыш өлкөлөрү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Бээжин сунуштаган бул документ жарым-жартылай автономия деп саналган Гонконгдогу жарандык эркиндикти чектерин айтып келет.

Британия 23 жыл мурда Гонконгду өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөрүп берген. Бээжин Гонконгду “бир өлкө, эки система” формуласына ылайык башкара турганын, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берерин убада кылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG