Линктер

жекшемби, 22-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:30

Гонконгдо Бээжин менен тиреш күчөдү


Гонконгдун көчөлөрүндө өкмөткө каршы жүрүшкө чыккандар.

Кытайдын атайын административдик аймагы Гонконгдо нааразылык жүрүштөрү дагы эле басыла элек. Өткөн дем алыш күндөрү өкмөттү колдогон да, ага каршы болгон да адамдар көчөлөргө толду.

Гонконгдо ишембиде да, жекшембиде да жамгыр куюп туруп алды. Бирок бул демонстранттарды токтото алган жок. Алар кол чатыр менен жаан өтпөс кийимдерин даярдай келишкен экен.

Уюштуруучулар жекшембидеги нааразылык жүрүштөрүнө кошулгандар 1,7 млн. кишиге жеткенин билдиришти. Гонконгдуктардын жалпы саны 7,5 миллион экенин эске алганда, көчөгө чыккандар жалпы элдин ар бир төртүнчү же бешинчиси экенин саноого болот.

Бул ирет өкмөт демонстранттардын саны боюнча үн каткан жок.

«Чыныгы мүшкүлгө, өкмөт кандайча андан жүз буруп жатканына, биздин талаптарга көз жуумп жатканына көз салсаңар дейт элем. Проблеманын булагы ушул. Биз аны чечели деп жатсак, алар бизге чабуул коюп, биздин маселеге жөн гана көз жуумп койгусу келет. Бул аларга жардам бербейт. Биз болгону колдо бар нерсе үчүн күрөшүп жатабыз. Болгону Гонконг Гонконг бойдон калса дейбиз. Башка эч нерсени талап кылган жокпуз, эч кандай ашыкча талап койгон жокпуз», – деди жүрүштүн катышуучуларынын бири Кэти Чан.

Ушуну менен гонконгдуктар он биринчи демалышты көчөдө өткөрүүдө. Элдик толкундоо алгач кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору парламентке сунушталганда башталган. Жергиликтүүлөр «андай болсо Бээжиндин ички ишибизге кийлигишүүсү күч алат, өкмөткө каяша айткандар жазалана баштайт, эркиндикке доо кетет» деп тынчсызданышат. Ошол эле маалда алар Кытай сотунун адилеттигинен да күмөн санашат.

Нааразылыктан улам өкмөт экстрадиция мыйзамын белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алган. Бирок демонстранттар андан биротоло баш тартууну, Гонконг атайын административдик аймагынын жетекчиси Кэрри Лам кызматтан кетишин талап кылып келатышат.

Гонконг, 18-август, 2019-жыл.
Гонконг, 18-август, 2019-жыл.

Ортодо жаалданган демонстранттар менен полиция кагышкан күндөр да болду. Жүрүшкө чыккандар бир жума мурда аэропортту ээлеп алып, аба каттамдары 12-14-август күндөрү, эки күнгө токтотулган.

Гонконг дүйнөдөгү туристтер эң көп кызыккан шаарлардын бири экени белгилүү.

Ал арада Бээжин да, Бээжинди колдогондор да өз күчүн көрсөтүүдө. Ишембиде бийликти колдогон акцияга чыккандардын саны жарым миллионду чамалаганын Кытайдын борбордук телеканалы кабарлады. Бул сан башка өз алдынча булактар аркылуу такталган жок. Акция катышуучуларынын бири И Вэй мындай талап койду:

Бээжин менен Гонконг өкмөтүн колдоп чыккандар. 17-август, 2019-жыл.
Бээжин менен Гонконг өкмөтүн колдоп чыккандар. 17-август, 2019-жыл.

«Саясий көз караштарды билдирүүгө болот, бирок зомбулукка өтүп кетпеш керек да. Башкаларга тоскоол болбогула. Баарынын үй-бүлөсү, өз тирилиги бар. Балдар мектепке барышы керек. Ата-энелер иштеши керек».

Бир нече күн бою Гонконгго чектеш Кытайдын Шеньжень шаарындагы стадионго жана анын тегерегине чопкутталган машинелер, аскерлер жайгаштырылды. Ал күчтөр Кытай элдик куралдуу милициясы деген аталыш менен белгилүү. Мындай көрүнүш «Бээжин Гонконгго аскер киргизеби?» деген чочулоону пайда кылды. Анын үстүнө акыркы күндөрү Кытайдын бийлиги Гонконгдогу демонстранттарды террористтерге теңеген эле.

Шеньжень шаарынын стадионунун жанындагы аскерлер жана аскер автоунаалары.
Шеньжень шаарынын стадионунун жанындагы аскерлер жана аскер автоунаалары.

Кытайдын Британиядагы элчиси Лю Сяомин эгер Гонконгдогу кырдаал «башкаруудан чыгып кетсе» расмий Бээжин «кол куушуруп тим отурбай турганын» билдирген. Дипломат 15-августта Лондондо өткөргөн басма сөз жыйында Кытай «башаламандыкты тез эле жөнгө сала алат» деп эскерткен эле. Ал каршылык акцияларынын күчөшү үчүн кайсы бир чет өлкөлүк күчтөрдү жана Батыш басылмаларын күнөөлөдү.

1997-жылы Гонконг Британия оторчулугунан бошонуп, Кытайдын башкаруусуна өткөрүлгөн. Ортодогу макулдашууга ылайык, Бээжин Гонконгдун ички саясатына, анын ичинде сот чечимдерине да кийлигишпеши керек. Бирок гонконгдуктар 20 жылдан ашуун убакыт ичинде Кытай коммунисттик партиясы макулдашууну бир канча ирет бузганын айтып келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG