Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:22

Гонконгдо аба каттамдары жанданды


Гонконг аэропортунда 13-августта болгон окуялар.
Гонконг аэропортунда 13-августта болгон окуялар.

Гонконг аэропортунда демократиячыл активисттер менен полициянын түнкү кагылышынан кийин иш кайра калыбына келе баштады. 14-августта аба каттамдарынын басымдуу бөлүгү график менен иштөөгө өттү.

Соңку эки күндөн бери бийликке каршы чыккан демонстранттар аэропорттун имаратында нааразылык билдирип жатышкан. Анын натыйжасында жүздөгөн аба каттамдары үзгүлтүккө учураган.

13-августта аэропортто башаламандык жаралып, митингчилер «кытайлык агенттер» деп шек саналган эки эркек кишини сабап коюшкан. Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Гонконг жана Макао боюнча кеңсеси аэропорттогу бул окуяларды «террорчул актка жакындаган» аракет катары мүнөздөгөн.

Аба майданынын жетекчилиги демонстранттарга аэропорттун ишин үзгүлтүккө учуратпай, белгиленген жерде гана акция өткөрүүгө милдеттендирген сот чечими чыкканын билдирди.

Гонконгдо кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар июнь айынан бери өтүп келет. Бийлик документти кароону токтотуп койгонуна карабастан оппозиция долбоордун парламенттен биротоло кайтарылып алынышын, аймактын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып жатат.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

XS
SM
MD
LG