Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Гонконгдо авиакаттамдар үзгүлтүккө учурады


Гонконгдо полиция нааразылык акциясына чыккандарга каршы суу бүркчү машинелерди колдонгону жатат.
Гонконгдо полиция нааразылык акциясына чыккандарга каршы суу бүркчү машинелерди колдонгону жатат.

Гонконг эл аралык аэропортунда нааразылык акцияларынан улам өлкөдөн учуп кете турган каттамдардын баары токтотулду.

Бул жерде жүздөгөн адам топтолуп, төрт күндөн бери бийликке каршылык билдирип жатат. Мунун алдында полиция митингге чыккандарга каршы жаңы суу бүркчү машинелер пайдаланыларын жарыялаган. Шаарда июнь айынан бери бийликке каршы нааразылык акциялары токтобой жатат.

Гонконг эл аралык аэропортундагы башкы терминалда баштан-аяк кара кийим кийген жүздөгөн адам жерге отуруп алып бийликке каршылыгын билдирип жатат. Мындай нааразылык акциялары 9-августта башталган. Алар полициянын аёсуз күч колдонуп жатканын айыптаган жана шаар башчысы Кэрри Ламдын кызматтан токтоосуз кетишин талап кылган ураандарды кармап турушат. Андан сырткары алар жүргүнчүлөргө митингдин себептери жазылган баракчаларды таратышууда.

Аэропорттун жетекчилиги 12-августта «нааразылык акциялары ишке чоң кедергисин тийгизгенин» билдирди жана өлкөдөн учуп кете турган каттамдардын баарын токтотту.

Гонгконг полициясынын демонстранттарга суу чаччу машинеси.
Гонгконг полициясынын демонстранттарга суу чаччу машинеси.

Гонконг аэропорту дүйнөдөгү өтө көп каттам тейлеген аэропорттордун бири болуп саналат. Аэропортто соңку нааразылык акциясы 26-июлда өткөн жана айрым аэропорт кызматкерлери жапырт иш таштоого да катышкан.

Мунун алдында полиция нааразылык акциясына чыккандарга каршы суу чача турган машинелер колдонуларын билдирген. Полициянын өкүлү Чан Кинквок 12-августта суу чаччу машинелерди көргөзүп жатып, мындай каражаттар жогорку бийликтин уруксаты менен жана кырдаалга жараша колдонуларын айтты:

«Биз чогулган элди көзөмөлдөчү машинелерди кайсы учурларда колдонобуз? Буга чейин айткандай, калайман башаламандык болгондо, анын кесепетинен улам адам өлүмү менен аяктаган окуялар катталганда, мамлекеттин мүлкү олуттуу жабыркаганда же кан жолдор буулуп, коомдук коопсуздукка, укуктук тартипке чоң залакасын тийгизгенде колдонобуз. Буга жогорку бийликтин уруксаты алынат. Ошондуктан биз «бул каражаттарды бүгүн кечинде же эртең эртең менен эле пайдалана калабыз» деп айта албайбыз, бул кырдаалдан көз каранды болот».

Гонконгдун бийлиги буга чейин нааразылык акцияларына чыккандарга каршы көздөн жаш чыгаруучу каражаттарды жана желим окторду пайдаланып жаткан болчу.

Гонконгдогу нааразылык акцияларынын катышуучулары. 29-июль, 2019-жыл.
Гонконгдогу нааразылык акцияларынын катышуучулары. 29-июль, 2019-жыл.

Демократ-юрист Клаудиа Мо полициянын митингге чыккандарга каршы суу бүркчү машинелерди колдонгону жатканын сынга алды:

«Акыр аягында, бул акчаны шамалга чачуу, анткени алар атайын Гонконгдогу кырдаал үчүн даярдалган эки оор машине үчүн 16 миллион Гонконг долларын сарпташты. Полиция өзүн ушунчалык коргоп, сактап, тишине чейин куралданган учурда демонстранттарды бир метр аралыкта эле атып сала алат. Аларга суу бүркө турган машинелер эмнеге керек? Аларга анын кереги жок. Бул убакытты жана акчаны негизсиз пайдалануу жана алардын негизи максаты - гонконгдуктарды коркутуу».

Гонконгдо 11-августтагы нааразылык акцияларында полиция менен демонстранттар кагылышып, 45 киши жабыркады.

Шаарда кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар июнь айынан бери токтобой жатат. Гонконгдун башчысы Кэрри Лам документти «өлүк» деп атаганы менен оппозиция долбоордун парламенттен биротоло кайтарылып алынышын, аймактын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылууда.

Өткөн аптада Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Гонконг жана Макао боюнча кеңсесинин башчысы Ян Гуан демонстранттарды «от менен ойнобоо» тууралуу эскерткен.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG