Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Гонконгдо активисттер парламенттен чыгарылды


Гонконгдогу акциянын катышуучулары.
Гонконгдогу акциянын катышуучулары.

Гонконгдун башчысы Кэрри Лэм өкмөттүк имаратка коюлган чабуулду айыптады.

Талаштуу мыйзамга каршы чыккан активисттер 1-июлда айнек-эшиктерди талкалап кирип, бир нече саатка мыйзам чыгаруу органы жайгашкан имаратты ээлеп алышкан. Полиция аларды сүрүп чыгарыш үчүн көздөн жаш агызчу газ колдонду.

Гонконгдо бүгүн абал тынч. Полиция шаардын чок ортосундагы финансылык борборду тазалап, дүкөн, кеңселер кадимкидей тартипте иштеп жатышат. Бирок өкмөттүк мекемелер жабык турат.

Полиция 2-июлга караган түнү парламентти демонстранттардан тазалоого киришкен.

Гонконг администрациясынын башчысы Кэрри Лэм чукул басма сөз жыйынында нааразылык акциясына катышкандарды «ашыкча зомбулук» үчүн айыптады:

«Мыйзамдын чегинен чыккан бул зомбулук Гонконгдун мыйзам үстөмдүгү өңдүү негизги баалуулуктарына залакасын тийгизет. Мени абдан иренжиткен жана өкүндүргөн окуяларды катуу айыптайм. Гонконгдун тургундары да өздөрүн ушундай эле сезишүүдө деп ишенем. Полиция кечээги зордукчул аракеттерге сабырдуулук менен жооп кайтарды. Бирок мыйзам бузууга байкоо салып турат жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартат».

Айрым саясатчылар тартип коргоочулар демонстранттарды тоскоолдуксуз имаратка өткөрүшкөн, атайлап бүлдүрүп, талкалоого жол беришкен деп эсептешет. Демократ Фернандо Чендин айтымында, бул демонстрант-активисттерди эл алдында жаман көрсөтүш үчүн уюштурулган капкан болчу.

1-июлда автономдуу аймактын Кытайдын юрисдикциясына өтүшүнүн 22 жылдыгын белгилеген күнү кайрадан нааразылык тутанган. Кечинде жүздөгөн демонстрант мыйзам чыгаруучу орган жайгашкан имаратка жапырт кирип барган. Көбү темир арматура, түтүктөр менен куралданган. Телекадрларда алар дубалдардагы сүрөттөрдү талкалап, тамдарга граффити тартканын, залдарга тамак-аш салынган кутуларды алып келип жатышканын көрсө болот. Полиция кызматкерлерди демонстранттарга жолтоо болгон эмес. Бийлик нааразылыкка чыккан жаштарды «козголоңчулар» деп атаган.

Гонконгдо кырдаал бир айдан бери тынчыбай келатат. Бийликтин кылмышка шектүү адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзамды кабыл алуу планы калың элди нааразы кылган.

Жүз миңдеген киши катышкан демонстрациялардан кийин мыйзамды иштеп чыгуу бир нече убакытка токтотулган. Бирок демонстранттар долбоор толугу менен күн тартибинен алынышы керек дешет.

1997-жылы Британиянын эски колониясы Гонконг өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга өткөрүлүп берилгенде сот системасы өз алдынча бойдон калышы керек деген шарт коюлган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG