Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:34

Кытай дипломаты «Бээжин Гонконгдогу жагдайды жөн карап турбайт» деп эскертти


Гонконгдо нааразылык акциялары июнь айында башталган.
Гонконгдо нааразылык акциялары июнь айында башталган.

Кытайдын Британиядагы элчиси Лю Сяомин эгер Гонконгдогу кырдаал «башкаруудан чыгып кетсе» расмий Бээжин «кол куушуруп тим отурбай турганын» билдирди. Дипломат 15-августта Гонконгдо он аптадан ашык убактан бери токтобой жаткан нааразылык акцияларына байланыштуу Лондондо басма сөз жыйынын өткөрүп, Кытай «башаламандыкты тез эле жөнгө сала алат» деп эскертти. Ал каршылык акцияларынын күчөшү үчүн кайсы бир чет өлкөлүк күчтөрдү жана Батыш басылмаларын күнөөлөдү.

Гонконгдо кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна каршы демонстрациялар июнь айынан бери өтүп келет. Бийлик документти кароону токтотуп койгонуна карабастан оппозиция долбоордун парламенттен биротоло кайтарылып алынышын, аймактын жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып жатат.

Өткөн аптада Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Гонконг жана Макао боюнча кеңсесинин башчысы Ян Гуан демонстранттарды «от менен ойнобоо» тууралуу эскерткен.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

XS
SM
MD
LG