Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:29

Интернет-гиганттардын Гонконг боюнча кадамы


Иллюстрациялык сүрөт. 25-октябрь, 2017-жыл.

«Твиттер» жана «Фейсбук» социалдык түйүндөрү Гонконгдогу нааразылык акцияларын бир тараптуу айыптаган, сындаган жүздөгөн аккаунттарды жана баракчаларды жабышты. Бул тууралуу аталган компаниялар дүйшөмбү кечинде билдиришти.

«Твиттер»: Гонконгдогу акцияларды жаманатты кылган аккаунттарга бөгөт коюлду

19-августта «Твиттер» компаниясы билдиргендей, Кытай бийлиги тарабынан координацияланганы айтылган 936 аккаунттун ишмердүүлүгү токтотулган. Бул аккаунттардын көбүнүн миңдеген катталуучулары болгон жана алар Гонконгдогу каршылык акцияларын жаманатты кылган билдирүүлөрдү, сүрөт-видеолорду байма-бай жарыялап турушкан. Бул тууралуу социалдык тармактын жетекчилиги кабарлады.

Ошондой эле кампания бир нече миң аккаунтка алар иштей электе эле бөгөт койгон. «Твиттер» билдиргендей, бул аккаунттардын баары Кытайдын бийлиги менен байланышта болгону далилденген. Өчүрүлгөн баракчалардын бир тобу АКШнын ар кайсы штаттарында катталган.

Маселен, 181 000 ден ашуун катталуучусу бар LibertyLionNews деген аккаунт өзүн «Кошмо Штаттардагы жана чет жактагы консервативдүү жаңылыктар» деп тааныштырат. Ал негизинен Гонконгдо демонстранттарды кармап, аларга каршы жаш чыгарчу газ бүрккөн полициянын аракеттерин колдоо жана акциялардын башталышы үчүн Батышты айыптоо багытындагы билдирүүлөрдү жайылтып турган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Твиттер» өзүнүн жарнамалык саясатын өзгөртүп, мындан ары мамлекеттик медиаларга акча төлөп өз материалдарын жайылтууга тыюу салды. Өткөн аптада Кытайдын мамлекеттик «Синьхуа» агенттиги жана «China Global Television Network» телекомпаниясы Гонконгдогу нааразылык акцияларын зомбулук катары көрсөткөн видеолорду акча төлөп, жарнама иретинде жайылткан. Ал видеолордо «Гонконгдун тургундары бул демонстрациялардын тезирээк токтошун каалашат» деп айтылган.​

«Фейсбук» да Кытайдын бийлиги менен байланышкан айрым аккаунттарды өчүрдү

«Твиттердин» мындай билдирүүсүнөн көп өтпөй эле «Фейсбук» компаниясы ушундай эле себеп менен миңдеген катталуучусу бар бир нече аккаунтка жана баракчага бөгөт койгонун жарыялады.

«Reuters» агенттигинин кабарчысы Элизабет Куллифорддун айтымында, аталган компаниялар 2016-жылы Америкада өткөн шайлоо өнөктүгүнө Орусия социалдык тармактар аркылуу кийлигишүүгө аракет кылганы аныкталган соң этият болуп калышкан.

«Азыр «Твиттер» жана «Фейсбук» баарына этият карап, мындай чындыкка коошпогон саясий өнөктүктөрдү токтотууга аргасыз. Бул глобалдык маселе. 2016-жылы Орусия социалдык тармактар аркылуу АКШдагы шайлоого кийлигишүү үчүн атайын өнөктүктөрдү жүргүзгөнү маалым болгон соң, 2020-жылдын ноябрь айында Кошмо Штаттарда өтчү шайлоонун алдында бул маселе өзгөчө курчуп турат».

Эки чоң интернет-гиганттын бул кадамы тууралуу Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти дароо комментарий берген жок. Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ген Шуан:

«Кытайдын маалымат каражаттары чет элдик социалдык түйүндөрдү дүйнө жүзүндөгү башка элдер менен баарлашуу үчүн, аларды Кытай саясаты, Кытай тарыхы менен тааныштыруу үчүн колдонот. Айрым компаниялар жана кээ бир адамдар эмнеге мындай кескин кадамга барып жатышканын түшүнбөйм», - деп комментарий берди.

Гонконгдогу нааразылык акциясынын катышуучулары. 18-август, 2019-жыл.
Гонконгдогу нааразылык акциясынын катышуучулары. 18-август, 2019-жыл.

Маркетинг жаатындагы иликтөөлөр менен алектенген «eMarketer» компаниясынын маалыматына караганда, Гонконгдо «Твиттерди» 448 миң адам колдонот. Ал эми бир айда болжол менен 4,7 миллион гонконгдук «Фейсбукка» кирет.

Буга чейин, 2016-жылы «Твиттер» бир тараптуу өз саясатын жайылтканы үчүн Кремлдин колдоосуна ээ болгон Орусиянын «Russia Today» же РТ телеканалына акы төлөп жарнама таркатууга тыюу салган.

Интернет-гиганттардын бул кадамдарынын кийин алардын акциялары кескин жогорулай түштү. Маселен «Фейсбуктуктуку» 1,3% көтөрүлсө, «Твиттердики» 2,8% көтөрүлдү.

Гонконгдо нааразылык акциялары уланып жатат

Июнь айында башталган нааразылык акциялары Гонконгдо ушул күнгө чейин токтобой келатат. Алгач демонстранттар Кытайга кылмышкерлерди экстрадициялоону караган мыйзамга каршы көчөгө чыгышкан. Гонконгдун бийлиги аталган мыйзамды белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алганына карабай, нааразы болгондор андан биротоло баш тартууну, Гонконг атайын административдик аймагынын жетекчиси Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылып келатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG