Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

АКШ Конгресси Гонконгдон улам Кытайга санкция салууну колдоду


Гонконгдо улуттук коопсуздук тууралуу мыйзам күчүнө кирген күнү калайман нааразылык акциялары өттү.
Гонконгдо улуттук коопсуздук тууралуу мыйзам күчүнө кирген күнү калайман нааразылык акциялары өттү.

АКШда Өкүлдөр Палатасы Кытайдын Гонконгдун улуттук коопсуздугу тууралуу мыйзамынан улам, Бээжинге санкция салуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, эң ириде кытай бийлигиндеги бул мыйзамдын кабыл алынышына катышы бар аткаминерлерди тейлеген банктарга чара көрүлөт.

Сент бул мыйзам долбоорду бейшембиде, 2-июлда караганы жатат, эгер колдоо тапса президент Дональд Трампка кол коюуга жөнөтүлөт.

Өкүлдөр Палатасынын спикери Нэнси Пелоси Гонконгдун улуттук коопсуздугу тууралуу мыйзамды «бул аймактагы элди катаал жана аёсуз куугунтуктоо, анын эркиндигинин таш-талканын чыгаруу» катары сыпаттады. Ал жаңы санкция салуу боюнча документ Кытай бийлигине каршы жооп болоорун белгиледи.

Гонконгдо улуттук коопсуздук боюнча мыйзам 1-июлдан тартып күчүнө кирди. Бээжин бул документ аймактагы жикчилдикке, терроризмге, козголоңго жана чет элдик кийлигишүүгө каршы деп чечмелеп, мыйзамды бузгандар өмүр бою түрмөгө кесилиши ыктымал экенин белгилеген. Бул күн Гонконг Британиянын карамагынан чыгып, Кытайдын ээлигине өткөн күнгө туш келди жана калайман нааразылык акциялары менен коштолуп, жүздөгөн адамдар камакка алынды.

1997-жылы 1-июлда Гонконг өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген, ички саясатын өзү жөндөгөн атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөн. Бээжин Гонконгду «бир өлкө, эки система» формуласына ылайык башкарууга, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берүүгө убада берген эле.

XS
SM
MD
LG