Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Помпео: Гонконг өзгөчө статусун актабай калды


Кытайдын коопсуздук мыйзамына каршы демонстрация. Гонконг. 24-май, 2020-жыл.
Кытайдын коопсуздук мыйзамына каршы демонстрация. Гонконг. 24-май, 2020-жыл.

Гонконг автономиясы Кошмо Штаттар менен мамилесиндеги өзгөчө режимди актабай калды. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шаршембиде Конгресске ушундай мазмундагы билдирүү жиберди.

Билдирүүдө Кытайдын коопсуздук боюнча мыйзамды таңуулоо планы «Гонконгдун эркиндигин жана автономиясын түп-тамырынан кыйраткан аракеттерди гана толуктай турганы» белгиленет.

«Жериндеги фактыларды эске алганда бир да эстүү адам Гонконг Кытайга карата жогорку деңгээлдеги автономиясын сактап атат дей албайт», - деди Помпео.

Автономиядагы адам укуктары жана демократия тууралуу мыйзамды Конгресс былтыр кабыл алган. Ага ылайык Гонконг АКШ менен соодадагы жагымдуу шарттарды акташ үчүн жетиштүү автономияга ээ экендиги жыл сайын мамлекеттик катчы тарабынан маалымдалып турушу керек. Бул Гонконгдун дүйнөлүк финансы борборлорунун бири катары позициясын сакташына да таасир этет.

Мыйзамга ылайык, автономиядагы адам укуктарын бузууга жоопкер адамдар визалык, финансылык жана башка санкцияларга кабылышы ыктымал.

Помпеонун билдирүүсүнөн кийин президент Дональд Трамп Гонконгду экономикалык артыкчылыктардан толук же жарым-жартылай ажыратуу маселесин чечиши керек.

Аз мурда Бээжинде Гонконгдун улуттук коопсуздугу боюнча мыйзам талкууга коюлган. Жаңы эреже жикчилдикке, козголоңго шыкак берүүгө, террордук аракеттерге жана чет элдик кийлигишүүгө каршы деп түшүндүрүлгөн. Миңдеген гонконгдуктар «Кытай аймактын автономиясын чектеп, өз саясатын таңуулап жатат» деп каршы чыгышууда.

XS
SM
MD
LG