Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Гонконгдо бийлик тыйганына карабай Тяньаньмэнь окуялары эскерилип жатат


Бээжиндин Гонконгдун коопсуздугу боюнча мыйзамы шаардыктардын нааразылыгынан жаңы толкунун жараткан.
Бээжиндин Гонконгдун коопсуздугу боюнча мыйзамы шаардыктардын нааразылыгынан жаңы толкунун жараткан.

Гонконгдун айрым тургундары бийликтин тыюу салганына карабай Тяньаньмэнь окуяларынын 31 жылдыгын белгилеп жатышат. Уюштуруучулар шаардыктарды бейшемби күнү кечинде кайда болбосун шамчырак жагып, кандуу окуяларды эскерүүгө чакырышкан.

1989-жылы 4-июнда Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында студенттердин нааразылык акциясы аёосуз түрдө күч менен басылган. Бул окуяда демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган жүздөгөн адамдар коопсуздук күчтөрүнүн колунан курман болгон.

Кытайга баш ийген аймактардын ичинен Гонконг менен Макаодо гана бул окуяларды эскерген иш-чаралар өткөрүлүп келген. Жыл сайын мындай эскерүүгө миңдеген гонконгдуктар катышып турган. Быйыл бийлик коронавирус пандемиясынан улам Гонконгдо бул иш-чараны уюштурууга тыюу салып койгон.

Мындан тышкары Бээжин Гонконгдун коопсуздугу боюнча мыйзамды сунуш кылган. Бул кадам шаарда нааразылыктын жаңы толкунун жаратып койду. Жергиликтүү активисттер Кытай бийлиги автономиянын ички ишине кийлигишип, басымды күчөткөнүн белгилеп жатышат.

XS
SM
MD
LG