Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Кытай Гонконгго көзөмөлдү күчөтүүнү көздөөдө


Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйыны
Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйыны

Кытай Гонконгдун мыйзам чыгаруу системасын карап чыгып, бул аймакка көзөмөлдү күчөтүүнү көздөөдө. 5-мартта Бээжинде Кытай парламенти же Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйыны ишин баштады. Бир аптага созулчу сессия Гонконгдогу демократиячыл кыймылга карата басым күчөп турган учурга туш келди.

Кытай парламентинин туруктуу комитетинин төрага орун басары Ван Чен Гонконгдун аткаруу бийлиги шайлоо ыкмасын реформалашы керектигин айтып чыкты. Мындай кадам учурдагы система менен Гонконгдогу демократиячыл активисттер жана оппозициянын аймактын эгемендиги үчүн күрөшүүгө жол ачканы үчүн жасалганы жатат.

Кытай бийлиги Гонконгдун аткаруу комитетинин шайлоо ыкмасын, курамын жана санын өзгөртүү менен көзөмөлдү күчөтүүнү көздөп жатат.

Улуу Британиянын отордук аймагы болуп келген Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөн.

Бээжин Гонконгду «бир өлкө, эки система» формуласына ылайык башкарууга, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берүүгө убада берген. Акыркы жылдары Бээжин бул аймакка көзөмөлдү күчөтүп, эгемендик үчүн күрөшкөн активисттерди куугунтуктап келет.

Былтыр Гонконгдун улуттук коопсуздугуна байланыштуу жаңы мыйзам кабыл алынган. Бул Гонконгдо эркиндикти жана укуктарды чектөө катары кабыл алынып, нааразылык жараткан.

XS
SM
MD
LG