Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 22:45

Шинжаңдагы салтка жана тилге каршы кылмыш


Шинжаңдагы мусулмандар.

"Amnesty International" уюму Кытайдын Шинжаң аймагындагы уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулмандар бийликтин адам чыдагыс кыйноосуна туш болуп жатканын билдирди. 10-июнда жарык көргөн уюмдун баяндамасында Кытай бийлиги алардын маданий жана диний жөрөлгөлөрүн, салт-санааларын түп-тамырынан бери жок кылууну көздөп жатканы жазылган.

Эл аралык мунапыс уюму 10-июнда Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулмандар туш болуп жаткан азап-тозоктор тууралуу кеңири баяндама жарыялады. Анда уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыктарынын тилдерин, маданий салт-санааларын, диний жөрөлгөлөрүн жок кылуу багытындагы Бээжиндин 2017-жылдан берки аракеттери сүрөттөлгөн. Уюм Кытай бийлигинин бул аракеттерин адамзатка каршы кылмышка теңесе болорун жазды.

"Amnesty International" уюмунун генералдык катчысы Агнес Калламар Шинжаңдагы окуяларды «тирукмуш масштабдагы антиутопиялык тозок» деп атады. Ал ошондой эле “террорчулук менен күрөшкө жамынган бийлик 100 миңдеген мусулман азчылык өкүлдөрүн, аялдар менен эркектерди лагерге айдап, кыйноого алышкан, миллиондогон адам такай көзөмөлдө» - деп кошумчалады.

"Адам чыдагыс кыйноо"

«Биз согушта кантип душман болдук: Шинжаңдагы мусулмандарды жапырт камоо, кыйноо жана куугунтуктоо» деп аталган баяндамада лагерлерде камалып чыккан элүүдөн ашуун адамдын көрсөтмөлөрү чогултулган. Алардын баары диний көз караштагы сүрөттөрдү сактаганы үчүн же чет жактагы кимдир бирөө менен сүйлөшүп койгону үчүн эле камалган.

Бул адамдардын айтып бергенине караганда аларды полиция бекеттеринде мизи өйдө каратылган бычактар тизилген «жолборс отургучтарга» отургузуп, уруп-сабап, уктатпай суракка алышкан. Андан кийин бети-башын чүмкөп, колдорун кишендеп лагерге алып барып камашкан.

Махмут Тевеккул да ошондой кыйноого кабылгандардын бири. Анын агасы араб тилинде диний китеп чыгарганы үчүн камалган.

"Экинчи жолу «жолборс отургучка» отургузушуп, эки саат суракка алышты. Абдан кыйын болду. Анысы аз келгенсип чоң таяк менен ургулап жатышты. Андан соң бетке согушту. Бети-башым таанылгыс болуп шишип чыкты", - дейт ал.

Лагерде алар ар дайым көзөмөлдө болушкан. Эгер эгерде күзөтчүлөргө же башка расмий өкүлдөргө кытай тилинде эмес, өз эне тилдеринде жооп берсе катуу жазага кабылышчу. Ошондой эле аларды исламдан баш тартууга, өз тилдерин, каада-салттарын унутууга, кытай тилин үйрөнүүгө мажбурлашкан. Күндүн көзүн дээрлик көрбөй, анда-мында гана таза абага чыгып турушкан.

Камалып чыккандардын баары адам чыдагыс кыйноолорго туш болушкан. Аларды электр тогу менен урдуруп, уруп-сабап, тамак-аш, суу бербей, уктатпай кыйнашкан.

Лагерден чыккандан кийин бир нече ай «электрондук жана жеке көзөмөлдө» болушуп, ээн-эркин башка жакка чыкканга тыюу салынган.

"Намаз окуп, мечитке бара алышпайт"

"Amnesty International" билдиргендей, Шинжаңда мусулмандар керек болсо өз динин да эркин тута албайт. Ал жакта негизги диний жана маданий салт-санаалардын бардыгы «экстремисттик» деп эсептелет.

Жыйынтыгында, жарандардын көбү намаз окуй албай, мечитке бара албай, же жакындарынын мүрзөсүнө барып куран түшүрө албай калган. Шинжаң боюнча мечиттер, көрүстөндөр, мүрзөлөр жана башка диний, маданий жайлар түрттүрүлгөн же башка жайларга алмаштырылган.

Кытай Шинжаңдагы адам укуктарын бузуп жатканын жаап-жашырууга аракет кылып, бул тууралуу ачык айткандарды кайра эле кыйнап, камап, коркутуп-үркүтүп келет.

Улуттар Уюмунун эсебинде бир миллиондой мусулман өкүлдөрү аймактагы «саясий-тарбиялоочу лагерлерде» камалган.

Кытай бийлиги эл аралык уюмдардын 2017-жылдан берки мындай дооматтарын четке кагып келет. Ал лагерлерди «кесиптик билим берүүчү борборлор» деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG