Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Садыр Жапаров Тажикстандан мурда Түркмөнстанга барат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрү расмий сапар менен Түркмөнстанда болот.

Президенттик аппарат мамлекет башчысы Ашхабадда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугушуп, эки тараптуу, эл аралык, регионалдык кызматташтыкты талкуулай турганын кабарлады.

Андан ары Жапаров 28-29-июнь күндөрү Тажикстанга расмий сапар жасайт. Тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу кызматташтык жана чек ара маселесин сүйлөшөт.

Садыр Жапаров буга чейин Борбор Азиядагы мамлекеттерден Өзбекстанга жана Казакстанга барган. (SE)

XS
SM
MD
LG