Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:09

Садыр Жапаров Тажикстанга расмий сапар менен барат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапар менен 28-29-июнда Тажикстанга барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады. Дүйшөмбүгө барганда Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулайт.

Буга чейин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Жапаровдун сапарын чагылдыруу үчүн журналисттерди аккредитациядан өтүүгө чакырган.

Бул сапар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин эки өлкө президенттеринин биринчи жолугушуусу болот.

28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун, үйлөр талкаланганын билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кырдаал курчуп турган учурда кыргыз президенти Садыр Жапаров менен тажик президенти Эмомали Рахмон эки ирет телефондон сүйлөшкөн. Андан бери эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери регионалдык уюмдардын алкагындагы жыйындарда гана жолугуп жатат.

Чек ара жаңжалынан көп өтпөй президент Жапаров Тажикстанга май айынын экинчи жарымында бара турганы кабарланган. Бирок 6-майда мамлекет башчысы Баткендин тургундары менен жолугушканда чек ара маселелери чечилмейинче коңшу өлкөгө барбай турганын айткан.

Учурда эки өлкөнүн чек аралары жабык. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG