Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:38

Шаардык сот Данияр Нарымбаевди камакта калтырды


Данияр Нарымбаев
Данияр Нарымбаев

24-июнда Бишкек шаардык соту президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин адвокатынын апелляциялык арызын карап, аны камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Нарынбаевди эки айга камаган. 9-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны “Кумтөр ишине” байланыштуу айыптап, “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Нарымбаев 2011-2012-жылдары президент Алмазбек Атамбаевдин парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. 2012-2015-жылдары президенттин аппаратын жетектеген.

Кумтөр иши боюнча бир катар азыркы жана мурдагы аткаминерлер кармалды, айрымдары суракка чакырылып жатат. Буга чейин Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун дагы ишин карап, 31-июлга чейин камакта калтырган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG