Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

COVID-19: Министрлер кабинети чукул жыйынга чогулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Министрлер кабинети кезексиз жыйынга чогулат.

Бул тууралуу 23-июнда Улукбек Марипов өткөргөн өкмөттүн жумушчу кеңешмесинде айтылды. Анда эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланган.

Ушул күндөрү Кыргызстанда күн сайын 700-900 киши коронавирус жугузуп алганы расмий аныкталып жатат. Ооруканаларда 2 миңден ашык киши оору менен алышууда. Алардын 100дөн ашыгынын абалы өтө оор.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусун жуктургандардын расмий эсеби 120 миңге жакындады. 106 миңден ашыгы сакайды. Вирустун курмандыктары 2 миң кишиге чамалады.

Коронавируска каршы 92 миңден көбүрөөк киши эмделди. Март айынын этегинде башталган бул өнөктүктө гуманитардык жардам катары берилген Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын “Спутник V" вакциналары колдонулуп жатат. Кыргыз өкмөтү вакциналардын кошумча дозасын күтүп жатат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG